• Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

Технологиялык факультет 2 июл

Технология факультети

Технология факультети КМТУнун башка алгачкы факультеттери сыяктуу эле 1954-жылы негизделген. Бир канча жылдардан бери Борбордук Азиянын базалык окуу- илимий борбору болуп келет.  1961-1991-жылдары жалаң гана Кыргызстан үчүн эмес Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан үчүн топтоштуруп жыйнактоо боюнча тамак-аш адистерин даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Технология факультети бүгүнкү күндө: —  бул: 1300дөн ашуун студент, алардын катарында Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү; 10 кафедра, 2 илимий-изилдөө институту.

Факультет бакалавриат системасы боюнча 9 күндүзгү окуу, 5 аралыкта окутууну колдонуу менен сырттан окуу билим берүү программасы менен иш алып барат.

Керектүү бардык лицензиялар жана сертификаттар бар.

Факультеттин кафедраларынын окутуучулук- профессордук курамы билимдерин жогорулатуу боюнча Россиянын, Казакстандын, Швейцариянын, Турциянын, Германиянын, Англиянын, АКШнын, Япониянын ж.б. өлкөлөрдүн башкы окуу-илимий борборлорунан даярдыктарды өтүп келишкен жогорку профессионалдуу адистерден турат.

Окутуучулук- профессордук курам 98 окутуучудан, анын ичинен 5 (5%) илимдин докторлорунан, 37 (37%) илимдин кандидаттарынан, 6 КР сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрүнөн турат.

Анын ичинде:

-Эл аралык инженердик академиянын академиги, х.и.д., профессор Баткибекова М.Б.;

-Инженердик илимдер Академиясынын корреспондент мүчөлөрү: х.и.д., профессор Джунушалиева Т.Ш., т.и.д., профессор Мусульманова М.М., т.и.д., профессор Иманкулова А.С., т.и.к., профессор Тамабаева Б.С.;

-Профессор Мусульманова М.М. КР Инженердик илимдер Академиясынын Президиумун мүчөсү.

Инженердик кадрларды даярдоодогу зор салымы үчүн ТФнын бир катар өкүлдөрү өкмөттүн, ведомствонун, университеттин сыйлыктарына татышкан, анын ичинен «КР билим берүүсүнүн мыкты кызматкери» ардак наамы профессорлор М.Б. Баткибековага, Т.Ш. Джунушалиевага, КР Ардак грамотасы мененТ.Ш. Джунушалиева, А.А. Момуналиев сыйланган. «Билим берүүнүн Отличниги» наамы 32 окутуучуга ыйгарылган, КР ББжИМ Ардак грамотасы менен 28 адам, РК профсоюзчулар Ардак грамотасы менен – 6 адам. Бир катар окутуучулар И. Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы, ыраазычылыгын жана башка сыйлыктарын алган. Профессор М.Б. Баткибекова Интеллектуалдык менчик Дүйнөлүк коомунун алтын медалын, 2012-ж., профессор Иманкулова А.С. КР илим жана техника алкагындагы Мамлекеттик премия лауреаты наамын, 2011-ж., профессор Тамабаева Б.С. КР өкмөтүнүн «Мыкты тоо новатору» дипломун алган.

ТФнын өнүгүшү жана олуттуу иш-чаралар 

  • Бүткүл Дүйнөлүк банкынын гранты боюнча (1.5 млн $) Орто Азиядагы бирден бир азыктарды иштетүү өндүрүшү боюнча “Технолог” Окуу-практикалык борбору ачылып, этти кайра иштетүү, сүттү кайра иштетүү, нандын түрлөрү жана кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча заманбап жабдуулар (Италия, Испания, Россия) менен жабдылган 4 өндүрүштүк цех түзүлдү.  ОПБ химиялык, микробиологиялык, сенсордук лабораториялар, тренинг залдары, китепкана (2013-ж.) менен камсыздандырылды;
  • Эл аралык аккредитациялоо долбоорунун билим берүү программалары боюнча «Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн технологиясы» аккредитациясынан («АCQUIN» Германиялык аккредитациялык агенствосу) биринчи болуп «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы” кафедрасы өттү. (2014-ж. бакалавриат, 2015-ж. магистратура). Аккредитация 2021-жылдын 30-сентябрына чейин жарамдуу;
  • И. Раззаков атындагы КМТУнун базасында GIZ колдоо көрсөткөн, технология трансфер борбору ачылды, максаты: жеке сектор, илим жана билим берүү жайынын кызматташтыгын бекемдөө, жаңы технологияларды ичке ашыруу. Борбордун кызматташтары болуп, базасында «Нан, макарон, кондитер азыктарынын технологиясы» билим берүү программасынын студенттерине эки тараптуу билим берүү системасын уюштуруу каралган, Байытылган ун менен нанды өндүрүү ассоциациясы (АПОМиХ) эсептелет. КМТУ менен АПОМиХтин ортосунда «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы» кафедрасынын филиалын уюштуруу боюнча келишим түзүлгөн, 2018 -ж.;
  • «Борбордук Азиядагы тамак азыктарын өндүрүү системаларына жана стандарттарына жогорку билим берүү» долбоору (HECAFS) № 574005-EPP-1-2016-1-LV-EPPKA2-CBHE-JP (менеджер Коджегулова Д.А.) ийгиликтүү ишке ашып жатат, бул долбоордун алкагында окутуучулар Латвия, Литва, Польша өлкөлөрүндө квалификацияларын жогорулатып келишти да, 2019-жылдын жаз айларында КМТУнун ОПКна үч чет элдик университеттин окутуучуларынан мастер-класс пландалган, англис тили курстары өткөрүлүүдө;
  • «Консервалоо технологиясы» кафедрасына «Тамак азыктарын өндүрүү системаларына жана стандарттарына жогорку билим берүү» долбоору менен 2 млн. сомдон ашык суммага аспаптар жана шаймандар (Монокулярдык микроскоп В-151, кургак аба термостаты IF30, пар стерилизатору UTKBS-50V ж.б.)  алынды. Ушул кафедрада Erazmus+ долбоору алкагында заманбап микробиологиялык лабораториясы ачылды;
  •   И. Раззаков атындагы КМТУ менен Швецариянын өкмөтүнүн биргелешкен колдоосу менен МТА долбоору боюнча жеңил өнөр-жай өндүрүшү боюнча окуу-практикалык борбор ачуу иштери жүргүзүлүп жатат;
  •  «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасында республикадагы биринчи окуу рестораны ачылып жатат.

 

Бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу

Факультеттеги кафедралардын ишмердиктиериндеги эффективдүүлүккө жана өнүгүүнүн стратегиялык пландарынын тууралыгына баа берүүнүн маанилүү критерийлеринин бири болуп бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруунун көрсөткүчү эсептелинет.

ТФнын бүтүрүүчүлөрүнө карата болгон талап кылуучулук өтө жогору, анткени азыркы учурда өлкөбүздүн тамак-аш жана жеңил өнөр-жайы жакшы темп менен өнүгүп жатат. И.Раззаков атындагы КМТУда мындан 30 жыл мурун түзүлгөн «Тигүү буюмдарынын технологиясы жана конструкторлоо»  кафедрасынын бүтүрүүчү — технологдорунун жана конструкторлорунун аркасы менен Кыргызстандын жеңил өнөр-жайы  эл аралык денгээлге чыкты.

ТФнын бүтүрүүчүлөрү ЖОЖду аяктагандан кийин КР эл чарбасындагы алдынкы ишканаларга, ошондой эле  жеке ишканаларга ишке орношо алышат. Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайы, тамак-аш индустриясы, жеңил өнөр-жайы, ошондой эле жакынкы чет өлкөлөр  (Россия, Казахстан, Өзбекстан  ж.б.)  эл чарбасынын ушул тармагы үчүн  технологдорго, механиктерге дайыма муктаж болуп жаткандыгын белгилеп коюу керек.

Факультет жыл сайын 200-250  бакалавр чыгарат. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштуруу  86-100%.

Факультетте адистерди даярдоонун сапаты  мезгилдин талаптарына дайыма жооп берет. ТФнын бүтүрүүчүлөрү фундаменталдык, инженердик жана атайын дисциплиналар боюнча  жыйнактуу билимге ээ болуу менен , компьютердик техниканы, программалоону жана чет тилдерин  жакшы билүү менен ишканалардагы өндүрүш процессине тез жана жеңил көнүп кетишет, кандай түзүм болбосун (мамлекеттик, жеке) анын жооптуу иштерин аткара алышат, өзүнүн ишин жаратат, ишкер боло алышат, бардык денгээлдеги ишканаларды, уюмдарды  башкара алат.

ТФ 10 миңден ашык адистерди бүтүргөн, алардын ичинде — Жамалдинов З.И.- КР Жогорку Кенешинин депутаты, Садыров О.А. «Стюарт Эссей энд Инвайроментал Лэборэторис Лтд», ЖЧКнын вице-президенти, Аманзода И. Т.- Таджикистандагы Технологиялык университеттин ректору, Кулмырзаев А.А —  “Манас” КТУнун биринчи проректору, Хакимов Г.К.- Таджикистандагы Технологиялык университеттин Илим жана ишке киргизүү боюнча проректору, Канаев Н.Р. – Имарат-строй» курулуш компаниясынын генералдык директору, Рахмонов А.- Худжант шаарындагы сүт комбинатынын генералдык директору, Хамдамов Н.- Наманган шаарындагы сүт комбинатынын генералдык директору, Рахматова С.- Исфара шаарындагы сүт комбинатынын генералдык директору, Серкебаева Ч. — AFS өнөктөш GIZ немис компаниясынын эл аралык эксперти, Асанова Б. – «Кыргыз коньягы» ЖЧКнын башкы шарап жасоочусу, Мишин Д.А. – «Кыргыз коомдук тамак-аш» компаниясынын генералдык директору, Тологонова Б. – «Падишах гранд» ресторанынын генералдык директору, Джапаркулова Г. – ОАО «Бишкексут» ААКнын техникалык директору,  Карабаев  В. — Анжиян машина куруу заводунун директору, Сиражитдинов Э. — Анжиян эт комбинатынын директору, Кудайбергенов К.К.- «Agro Food Issyk- Куl» ЖЧКнын аткаруучу директору, Тыныс Т.- Миландагы (Италия) мода институтунун алдынкы стилисти, модельери Тыналиев С.К.- «Табыш» тикмечилик ишканасынын директору, Сырникова П.В.- «Жылдыз» ательесинин директору, ошондой эле И. Раззаков атындагы КМТУнун өкүлдөрү: Джунушалиева Т.Ш. — Технологиялык факультеттин деканы, Мусульманова М.М. — ТППП кафедрасынын башчысы, Кочнева С.В. – ПИ кафедрасынын башчысы, Борбиева Д.Б.- ХиХТ кафедрасынын башчысы, Коджегулова Д.А. – «Технолог» ОПБнын директору, Тамабаева Б.С. — ТПОП кафедрасынын профессору, Кожобекова К.К.- ТК кафедрасынын профессору, Супонина Т.А. –ТППП кафедрасынын профессору, Усупкожоева А.А. кафедранын профессору м.а. жана башкалар.

ОПКнын квалификациясын жогорулатуу

  • ТФнын окутуучулары 122 стажировкадан өтүштү, алардын катарында: алыскы чет өлкөлөрдөн – 21, КМШда – 60, КМТУда – 41, Бүткүл дүйнөлүк банкынын «Агробизнес жана маркетинг»  долбоору боюнча Les Sicandieres ( Surgeres ш., Bressure, Франция) Тренинг-Борборунда  Коджегулова Д.А., Кожобекова К.К., Джамакеева А.Ж., Мамбетова А.Ш., Конкубаева Н.У. практикалык семинарлар стажировкасынан өтүштү. ( 2012-ж.);
  • «Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү — І» GIZ Эл аралык долбоорунун  семинары – Райимкулова Ч.О. (Берлин. Ташкент. Бухара), Касымова А.Ш. (Душанбе ш.). Мусульманова М.М., Салиева З.Т. (Берлин, Германия) ж.б. 2012-2014-ж.;
  • Берлин техникалык университетинде (Германия)  жылдык жана бир жолку өтүлгөн стажировкалардын долбоорлору: ДААД – Усупкожоева А.А. (2013), «Эразмус Мундус»  CASIO долбоору боюнча  – Мусульманова М.М. (Швеция, 2013); Райимкулова Ч.О., Касымова Ч.К., Мамбетова А.Ш.;
  • Бойт атындагы Берлин техникалык институтунда стажировка боюнча грант, 2017 -ж., Ганновер техникалык институтунда стажировка 2017-ж. Усупкожоева А.А.;
  • Студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү боюнча GIZ долбоорунун программасы.  Алматы технологиялык университети.  09.10.17-жылдан 12.11.17 -жылга чейин, Алматы ш.,  КР;
  • Erazmus+ программасы 1780 euro (Мусульманова М.М. ТППП каф., стажировка);
  • Индия техникалык жана экономикалык кызматташтык программасы менен (ITEC) (Хайдарабад ш.) ПИ кафедрасынын доцентиАбдираимов А.А. Индияда стажировка өтүүдө;
  • JICA гранты «Жапон стилинде инженердик билим берүү сферасындагы адамдык ресурстарды өрчүтүү» 14-31-янв. 2019 -ж. (Джамакеева А.Дж., Элеманова Р.Ш., Халмурзина М.Д.).

 

 

ТФнын гранттары

  • Бүткүл Дүйнөлүк банкынын гранты боюнча (1.5млн $)  Орто Азиядагы бирден бир  азыктарды иштетүү өндүрүшү боюнча  “Технолог”  Окуу-практикалык борбору  ачылып,  этти кайра иштетүү, сүттү кайра иштетүү, нандын түрлөрү жана кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча заманбап жабдуулар  (Италия, Испания, Россия)  менен жабдылган 4 өндүрүштүк цех түзүлдү.  ОПБ химиялык, микробиологиялык, сенсордук лабораториялар, тренинг залдары, китепкана (2013-ж.) менен камсыздандырылды;
  • ДААД , «Эразмус Мундус», CASIO долбоорлору боюнча грант менен  Мусульманова М.М., Усупкожоева А.А. стажировкадан өтүштү;
  • Эл аралык аккредитациялоо долбоорунун билим берүү программалары боюнча «Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн технологиясы» аккредитациясынан («АCQUIN» Германиялык аккредитациялык агенствосу) биринчи болуп «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы”  кафедрасы өттү. (2014-ж. бакалавриат, 2015-ж. магистратура). Аккредитация 2021-жылдын 30-сентябрына чейин жарамдуу;
  • Erazmus+ грантын (90 миң €) “Консервалоо технологиясы” кафедрасынын профессору Д.А. Коджегулованын “Азыктар системасынын стандарты үчүн жогорку билим”  аттуу долбоору утуп алды(2016-19-ж.);
  • КРнын ББжИМ конкурстук темалардын аткарылышы (600миӊ сом жыл сайын) грантын “Химия жана химиялык технологиялар” жана «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы” кафедраларынын изилдөөчүлөрү аткарышты (2012-16-ж.), ( илимий жетекчилери: проф. Джунушалиева Т.Ш., проф. Мусульманова М.М.).

Тарбиялык иштер

Тарбиялык иштер өзүнө студенттердин окуу тартибин жана эс алуусун сарамжалдуу пайдалануусуна жардам берүүнү, студенттердин социалдык турмуш-тиричилик керектөөлөрүн чечүүнү, ден соолукта жашоо үлгүсүн үгүттөөнү, мекенчилдикке тарбиялоону, улуттук салттарды сактоону, өз ара жардамдашууга, боорукердикке тарбиялоону, студенттерди маданий-массалык жана спорттук иш-чараларга тартууну, студенттердин тартип бузууларын жоюу боюнча иш-чараларды уюштурууну жана өткөрүүнү, ишембиликтерге жана ЖОЖду, районду, шаарды өнүктүрүүгө  студенттерди тартууну ж.б. камтыйт.

Иштин бул блогу кураторлор, курстардын башчылары, деканат жана факультеттин бүтүндөй окутуучулары тарабынан ишке ашырылат. Мекенчилдикке тарбиялоо боюнча ишти факультет өлкөнүн Гимнин студенттерге үйрөтүү менен баштады. Күн сайын биринчи сабак КР Гимнин аткаруу менен башталат, анткени Гимндин тексти жана музыкасы эмоционалдуулук менен студенттердин патриоттук сезимин ойготот. «Ак калпак», Кыргыз тили майрамы боюнча иш-чараларга студенттерди активдүү катыштырууга аракеттер көрүлөт. Студенттер панфиловчу-баатырлардын эстелигине жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине гүл коюшту, «Өлбөс полк», «Жеңиш вальсы» жүрүштөрүнө студенттердин активдүү катышуусу үчүн аракеттер жасалды.

Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган кино тасмалар көрсөтүлдү, «Айтматов жана анын чыгармалары» боюнча дубал гезиттер жасалды, «Айтматов жана мен» деген темада эссе жазышып, массалык акциялар уюштурулду. Ошондой эле, түрк тилдүү өлкөлөрдүн (ТюркПА)-Кыргызстандын, Түркиянын, Казакстандын жана Азербайжандын Парламенттик ассамблеясынын парламентарийлеринин катышуусу менен өткөрүлгөн Түрк киносунун күндөрүнө  студенттер активдүү катышышты.

 

Маданий-массалык иш-чаралар

ТФнын студенттери факультеттин, университеттин, өлкөнүн маданий-массалык иш-чараларына активдүү жана уюшкандык менен катышып турат. Жыл сайын студенттердин чыгармачыл жамааты «Студенттикке кабыл алуу» конкурсунда, «Бишкек жазы», «Манастын урпактары» фестивалдарында, КВНдерде алдынкы орундарды ээлешет. ИКТ(б)-1-18 тайпасынын студенти Бекибаева Адеми «Алтын добуш КМТУ-2019» сынагында биринчи орунду жеңип алды.

Так жашоо үлгүсүн көрсөтүшөт: «Таза жашоо» үч айлык иш-чарасына 1-курстун 100дөн ашык  студенти катышты, Жеңиш аянтында уюштурулган «Ала качуу салт эмес, бул – кылмыш» флеш-мобго факультеттин 80ден ашык студенти катышты. Студенттердин театрларга, музейлерге жана көргөзмөлөргө, концерттерге баруусу уюштурулду.

2016, 2017-жылдардагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө 27 студент-волонтерлор катышты.

Студенттер Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ACCENT «СВЕТ/ФОРМА» чыгармачыл тобунун Эл аралык көркөм көргөзмөсүн уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышышты. Көргөзмөдө  110дон ашык төмөнкүдөй эмгектер көрсөтүлдү: Кыргызстан жана Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живопистери, графикасы, айкелдери, ювелирдик иштери. Кураторлор менен бирдикте студенттер Кыргыз жана Орус драм театрларынын, Опера жана балет театрынын спектаклдерине барышты.

Факультетте 20 дай студен-спортсмендер, ар кандай денгээлдеги мелдештердин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери окушат. Алар КМТУнун сыйлыктар кутусун гана эмес, Кыргызстандын сыйлыктарын көбөйткөнгө өз салымдарын кошушту. Алардын ичинде, Догдурбек уулу Эламан – Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси, Медет кызы Айпери – эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси, Рыскулова Анара – Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында дзюдө боюнча күмүш медалынын ээси,  Эсенбек уулу Амангелди –  «Күрөш» боюнча 2018-жылдагы КР  чемпионатында 1-орундун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 1-орундун жеңүүчүсү, Аязбекова Нуркыз – КР-2018 Универсиадасынын чемпиону жана КР ЖОЖдорунун, кытай мигранттарынын ортосундагы  достук турниринде биринчи орундун ээси, Ниязов Ислам – КР-2018 Универсиядасындагы эркин күрөш боюнча  1-орундун ээси ж.б.

Технология факультети бүгүн да өзүнүн динамикалуу өнүгүүсүн улантууда. Ал дайыма жаӊыланып турат. Кыргызстан азыр тамак-аш жана өнөр жай өндүрүштүгүн, коомдук тамактануу системасын, соода тармагын  көтөрүүчү жана өнүктүрүүчү сабаттуу кадрларга муктаж. Дал ушул адистерди Технология факультети даярдайт.

 

 


Жаңылыктар
Кафедралар
  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

  • Өтүү

Өнөктөштөр
  • Партнеры ТФ

    Партнеры ТФ            Кафедры факультета принимают участие в международных проектах, поддерживают образовательные, научные, методические связи с ...

  • Партнерство кафедры ТИЛП

      Кафедра ТИЛП сотрудничает с ведущими вузами стран СНГ:   Московский государственный университет дизайна и технологий, г. Москва, Россия; Санкт-Петербургский ...

Факультеттин кыскача тарыхы

Дипломдуу инженер-адистерди, ошондой эле бакалаврлар менен магистрлерди Политехтин башка алгачкы факультеттериндей эле 1954-жылы негизделген Технологиялык факультети даярдайт. Ал механика-технологиялык факультеттин «Эт жана эт азыктарынын технологиясы», «Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы», «Консервалоо технологиясы»адистиктери менен инженерлерди даярдаган «Тамак азыктары» кафедрасы болуп көрсөтүлгөн.  1955-жылы кафедра Технологиялык факультет болуп негизделип, тамак-аш өндүрүшүндөгү инженер-технологдорду даярдап баштаган.

Көптөгөн жылдардан бери Технологиялык факультет-ФПИнин Орто Азия өрөөнүндөгү негизги окуу жана илимий борбору. «Консервалоо технологиясы» кафедрасы 1958-жылы түзүлүп, анын биринчи кафедра башчысы К.С. Чешев болгон да, ал кафедраны 20 жыл бою баштап келген.

132

1961-жылдан 1991-жылга чейин кооперативдик кабыл алуу менен тамак-аш адистерин жеке гана Кыргызстан үчүн эмес, ошондой эле Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстанга да даярдап келген. Жашоо тиричилигинин суроо-талабына ылайык даярдоо адистиктеринин да саны көбөйүп, төмөнкү адистиктер менен инженерлерди даярдоо башталат: «Шарап жана тамакконцентраттардын технологиясы», «Стандартташтыруу жана сертификациялоо» ж.б. Ушул кафедранын негизинде 1978-жылдан тартып 1982-жылга чейин «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» адистиги боюнча кадрларды даярдоо башталат.

Бүткүл союздук тамак-аш өндүрүшү сырттан окуу институтунун Бишкектеги филиалынын жабылышы менен «Нан, макарон, кондитер азыктарын өндүрүү технологиясы», «Шекер жана шекердүү азыктардын технологиясы», «Май жана маргарин азыктарынын технологиясы» адистиктери боюнча студенттерди да факультеттин кафедралары даярдай баштайт.

«Тамак-аш өндүрүшүндөгү машинелер жана шаймандар», азыркы учурдагы «Тамак-аш инженериясы» кафедрасы 1963-жылы негизделген (кафедра башчысы В.Г. Абдюшев, кийин Ф.Е. Дыченко). Кафедра өлкөнүн тамак-аш өндүрүшүнө инженер-механиктерди даярдоону жүргүзөт.

Негизделгенден баштап факультет, жеке гана айыл-чарба азыктарын иштеп чыгуу өндүрүшүнө эмес, ошондой эле сатууга, жеңил өнөр-жайына жана туризмге керектүү жогорку квалификаялык адистерди даярдоо мамлекеттик саясий алкакты көздөгөн, алдыңкы окуу жана илимий борбор ордун сактап калуу максатында бир нече жолу ич ара өзгөрүүлөргө дуушар болгон.

Мисалы 1983-жылы бириктирүүдөн соң «Эт жана эт азыктарынын технологиясы», «Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы» адистиги боюнча инженер-технологдорду даярдап келген «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы» кафедрасы түзүлгөн. Ушул эле кафедрада 2012-жылы «Биотехнология» багыты боюнча бакалаврларды даярдоо башталган.

1987-жылы Кыргыз ССРинин Билим берүү министирлигинин буйругу менен алгач «Тигүү буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо» кафедрасында, андан соң 1991-жылы «Булгаары буюмдарынын технологиясы жана конструкциялоо» кафедрасында тигүү өнөр-жай адистерин даярдоо башталат.  Кийин бул эки кафедра кошулуп, азыркы «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасы түзүлөт.

Дал ушул кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн, технолог жана конструкторлордун арты менен Кыргызстандын жеңил өнөр-жайы эл аралык деңгээлге чыкты.

1995-жылдан тарта «Буюмдарды көркөмдөп долбоорлоо» адистиги боюнча кабыл алуу башталат. Бул аталыштагы кафедра 2009-жылы ачылып, профессионал модельерлерди даярдай баштайт.

Ушул эле кафедранын негизинде «Дизайн» адистиги боюнча студенттерди даярдоо жүргүзүлөт.

Факультеттин негизги бөлүгү болуп, табыгий илимдер алкагындагы технолог-студенттерди даярдоодогу түркүк болгон «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасы эсептелет.

2018-жылы «Дизайн жогорку мектеби» кафедрасы түзүлүп, «Дизайн» багытындагы «Графикалык дизайн», «Чөйрөнүн дизайны», «Кийимдин дизайны» профилдери боюнча билим берүү программаларын (бакалавриат) алып баруу берилген. Кафедраны доцент К.К. Коеналиев башкарат.

576

Факультеттин өнүгүшүнө аны ар кайсы мезгилде жетектеген декандар чоң салым кошушкан. Алар Потоцкий М.Г. (1954–58 жж.), Дыченко Ф.З. (1958–63 жж.), Корчагин Н.К. (1963-66 жж.) Омурзаков Д.О. (1966–71 жж.), Баткибекова М.Б. (1971–77 жж.; 1986–90 жж.), фундаменттүү илимдер факультетинин деканы (1993–99 жж.), Усенбаев К.У. (1977–81 жж.), Садыров О.А. (1982–86 жж.), Байгазиева М.Д. (1990–92 жж.), Супонина Т.А. (1995–2000 жж.), Кулмурзаев А.К. (2000–02 жж.). 2004-жылдан азыркы убакка чейин декан болуп Джунушалиева Т.Ш. эмгектенет.

Факультеттин өнүгүшүнө профессор М.Б. Баткибекованын зор салымын баса белгилесе болот. Пловдив университетинин бүтүрүүчүсү, химия илимдеринин доктору, профессор, ИИХТИнин мүдүрү, Эл аралык инженердик академиянын академиги өзүнүн жогорку профессионалдуулугу менен окутуучулардын жамааты жана студенттердин сыйын жана урматтоосун алды.

Факультеттин көрүнүктүү демөөрчүсү анын бүтүрүүчүсү, азыр «Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лабораторис» ЖКУумун вице-мүдүрү, философиянын PhD доктору, И. Раззаков атындагы КМТУнун «Сыйлуу профессору» Садыров О.А. болду. Ал лабораториялык базаны жаңылантууга зор салым кошуп: техникалык гранттын каражаты болгон 250 миң $ дан ашкан суммага компьютердик класс жана Thermo Jarrell Ash спектометр алынды.

И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүндөгү окуу-практикалык борбор «Технолог» Дүйнөлүк банктын жана Жапон өкмөтүнүн каражат колдоосу менен «Агробизнес жана маркетинг» долбоорунун алкагында 2013-жылы ачылган.

«Технолог» ОПБнун материалдык-техникалык базасы: 4 окуу-өндүрүш цехинен (эт, сүт, жашылча жана жемиш өндүрүү цехтеринен, нан, макарон, кондитердик азыктарын өндүрүү цехинен), 3 лабораториядан (химиялык, микробиологиялык, сенсордук), 2 окуу аудиториясынан, китепканадан жана дүкөндөн турат.

Факультет негизделгенден тарта анын өнүгүү боюнча биринчи максаты факультеттин билим берүү программаларын мыктылоо, окуу процессинин жогорку сапатын камсыздоо, өрөөндөгү жана өлкөдөгү билим берүү алкагындагы алдыңкы орунга жетишүү болуп келген.

Технологиялык факультет бүгүн да өзүнүн динамикалык өнүгүүсүн улантып келет. Ал ар дайым жаңыланып турат. Кыргызстан тамак-аш, жеңил өнөр-жай өндүрүшүн, сатуу сферасын, коомдук тамактануу системасын көтөрчү жана өнүктүрчү билимдүү кадрларга муктаж. Дал ушундай бүтүрүүчүлөрдү Технологиялык факультет даярдайт.

010204

 

Деканаттын кызматкерлери

4

Технология факультетинин деканы

Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна (2006-2017ж.).

Джунушалиева Т.Ш. , 1948-жылы туулган, кыргыз, ФПИ — И.Раззаков   атындагы КМТУнун технология факультетин  1971-жылы бүтүргөн , ушул мезгилден бери окуу жайда  эмгектенип келет. Профессионалдык өсүү этаптары: хозтеманын инженери, лаборант, улук лаборант, аспирант, стажер-изилдөөчү, окутуучу, улук окутуучу, доцент, химия кафедрасынын башчысы, (1992-жылдан 2009-жылга чейин), профессор, Технология факультетинин деканы (2000-жылдан – азыркы учурга чейин).

ФПИнин технология факультетинин  1- бүтүрүүчүсү – илимдин доктору. Кандидаттык диссертациясын Д.И.Менделеев атындагы Москва химиялык-технологиялар институтунун атайын диссертациялык кеӊешинде ийгиликтүү жактаган (1981-ж.), докторлук ишин – КРнын Улуттук илимдер академиясынын химия жана химиялык технологиялар институтунда жактап (2001-ж.), 2003-жылдан баштап химия кафедрасынын профессору болду.

18 жылдан ашуун убакыт  химия кафедрасын жетектеди (1992-2010-ж.). Тамара Шаршенкуловна  жетектеген кафедрасы жогорку потенциалдуу экендиги Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бааланып, химия боюнча окуучулардын шаардык, областтык, республикалык жана Эл аралык Менделеев олимпиадаларын өткөрүү базасы катары тандалып алынды.

Иштелип жаткан  илимий маселе «Минералдык ресурстарды рационалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жана ден соолукту сактоо».  Бул эмгектин алкагында сурманын өндүрүш таштандыларын иштетүү ыкмалары, сурмалуу-коргошун эритмесинен алтынды алып чыгуу, туруктуу алтын кошулган заттардан  тиокарбамиддик экологиялык коопсуздук технологиясы менен алтынды алып чыгуу. Изилдөө КРнын  ББжИ министрлигинин гранты боюнча аткарылды (1997-2011-ж.). «Политех»  биринчи долбоорун иштетүүчүсү жана менеджери,  Эл аралык илимий-техникалык борборунун (ISTC) грантынын жеӊүүчүсү, ал Великобритания, АКШ, Канаданын адистери менен биргеликте ийгиликтүү иш алып барды. КМТУнун жана химия кафедрасынын өнүгүшү үчүн  1,5 млн. сомдон ашык  каражатты МНТЦ грантынын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен алып келди. 137 эл аралык жана республикалык деӊгээлдеги усулдук эмгектердин, илимий публикациялардын автору, алардын катарында үч монография, сурмаларды, алтындарды бөлүп чыгуу боюнча патенттер жана КРнын Билим берүү министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери бар.

Химия-технологиялык илимий-изилдөө институтунун химиялык технологиялар бөлүмүнүн изилдөө иштерин 14 жылдан бери жетектеп келет. Кандидаттык диссертациясын жактаган эки аспиранттын, эки изилдөөчү студенттердин илимий жетекчиси.

КРнын УИАнын алдындагы химия жана химиялык технология институтунун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КРнын ББжИМ  ведомстволор аралык  диссертациялык кеӊешинин төрайымы Д.02.15.506. (2015-ж.), окумуштуу катчы (2002-2004-ж.), КРнын УИАнын алдындагы химия жана химиялык технология институтунун ведомстволор аралык   диссертациялык кеӊешинин мүчөсү (2004-2011-ж.), КРнын Инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү.

Бүткүл дүйнөлүк банкынын долбоору боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында ачылган «Технолог» Окуу-практикалык борборунун ачылышы үчүн активдүү иш-аракеттерди жүргүздү  (2011-2013-ж.).

2009-жылы Т.Ш.Джунушалиевага «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмер» деген Ардактуу наам берилди, КРнын Ардак Грамотасы менен 2004-жылы сыйланды, «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» 1995-ж., Билим берүү министрлигинин Ардак Грамотасы менен 1995-ж., 1998-ж., 1999-ж., Кыргызстан профсоюзунун федерациясынын Президиумдук кеӊешинин Ардак Грамотасы менен 2002-ж.,  «КМТУга өзгөчө салым кошкондугу үчүн» төш белгиси менен 1994-ж., ФПИ-КМТУнун Ардак Грамоталары менен (1995, 1998, 1999, 2003, 2004), Кыргыз ССРнин МВ жана ССОнун дипломдору менен (1984, 1985), Россиянын химиялык билим берүү Ассоциациясынын диплому менен жана Denver Mining Club LTD (USA) диплому менен 2004-жылы сыйланган.

 

 

Эркингул эже

Окуу иштери боюнча декандын орун барасы (2017-18 ж.)

Сырымбекова Эркингүл Ибраевна

Сырымбекова Э.И. 1969-жылы туулган, кыргыз, «Химия жана химиялык технология» кафедрасында 1993-жылдан бери эмгектенип келет. И.Раззаков атындагы КМТУнун «Ачытуу өндүрүшүнүн технологиясы» адистиги боюнча инженердик кесипти 1996-жылы аяктаган.

Сырымбекова Э.И.  эмгек жолунда өзүн жөндөмдүү, күжүрмөн,  чын дили менен берилип иштеген кызматкер катары  көрсөтө алды.

Эркингүл Ибраевна «Химия жана химиялык технология» кафедрасында 1993-жылдан бери иштеп келет жана эмгек жолун алгач лаборант, улук лаборант, лаборатория башчысы болуп баштап,  кийин окутуучу, улук окутуучу жана доценттик кызматка жетишти.

2007-жылдан азыркы учурга чейин «Химия», «Жалпы жана органикалык эмес химия», «Аналитикалык химия жана ФХМА» сабактары боюнча  лекциялык, практикалык жана лабораториялык иштерди жогорку прфессионалдуу деӊгээлде өткөрөт.

Окуу-усулдук колдонмолорду даярдоо жана чыгаруу иштерине, ОУК иштеп чыгууда, жумушчу программаларды  жана тесттик тапшырмаларды түзүүдө активдүү катышат.

2014-жылы Э.И.Сырымбекова даярдаган «Химия» сабагы боюнча окуу-усулдук комплекси И.Раззаков атындагы КМТУнун ОУК конкурсунда 1-орунду ээлеген, 2016-жылы EDNET  сертификатына татыктуу болгон.

Нанотехнология областында илимий-изилдөө ишин жүргүзүп келет. Ал иштеген мезгилден бери 25 эмгеги жарык көргөн: 11 усулдук жана окуу куралдары, анын ичинде КРнын ББжИМ грифи менен чыккан усулдук колдонмолору, куралдары бар, 14 илимий макала, анын ичинен 4 макала  РИНЦ илимий журналына публикацияланган.

Э.И.Сырымбекова ЖОЖдо, эл аралык  конференцияларда илимий баяндамалары менен  жыл сайын  чыгып турат. Студенттерди илимий-изилдөө иштерине активдүү катышууга багыт берет жана алардын да илимий баяндамалары  студенттик конференцияларда баяндалат. Алардын эмгектери тиешелүү баяндамалар жыйнагына жарыяланып турат.

Э.И.Сырымбекова факультеттин жана университеттин коомдук иштерине активдүү катышат. Окуу иштери боюнча кафедра башчысынын орун басары, технология факультетинин тарбиялык иштери боюнча декандын орун басары болуп эмгектенет. Студенттер менен тарбиялык иштер гана эмес, алардын жашоо шарттары менен да таанышып, активдүү иштешип келет.

Студенттердин жана окутуучу-профессордук курамдын арасында өзгөчө кадыр-баркка ээ.

И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак Грамотасы менен 2010-жылы, «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» наамы менен 2014-жылы сыйланган. ОУК конкурсу боюнча жеӊүүчү катары  I даражадагы диплом менен 2014-жылы сыйланып, 2016-жылы республикалык ОУК конкурсунда  EDNET  сертификатына татыктуу болгон. 2014-жылы И.Раззаков атындагы ФПИ-КМТУнун 60 жылдык мааракесинде иш-чараларды уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн алкыш жарыяланган.

Факультеттин жана кафедранын чогулуштарына катышып турат, «ХжХТ» кафедрасында кафедра башчысынын орун басары, АОжКЖ бөлүмү боюнча жооптуу, ТФнын окумуштуу катчысы (2014) , ТФнын СИИИ (НИРС) боюнча жооптуусу болуп иштейт (201-2014-ж.)  жана  шаардык, областтык, республикалык олимпиадаларды уюштуруу жана өткөрүү иштерине активдүү катышат.

Тарбиялык иштер боюнча декандын орун басары (2018-19-ж.)

Азисова Мунара Азисовна

 

Азисова Мунара Азисовна 1991-жылы туулган, улуту- кыргыз, билими жогорку, И. Раззаков атындагы кыргыз мамлекеттик техникалык университетин 2014-жылы артыкчылык менен аяктаган.  2012-жылы 3-курста окуп жатканда эле И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы илимий изилдөөчү химия-технологиялык институтуна кызматка кирген. 2014-жылдын июнь айынан 2015-жылдын май айына чейин «Жети күн СҮ» ЖЧУнун эт иштетүү цехинде технолог болуп иштеген.

2015-жылдын февраль айында И. Раззаков атындагы КМТУнун «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасына лаборанттык кызматка орношот да, ушул эле жылдын март айында ушул эле кафедранын лаборатория башчысы кызматына которулат.

2016-жылы «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы» кафедрасынын окутуучусу кызматына которулат. Ушул эле жылы И. Раззаков атындагы КМТУнун аспирантурасынын 05.18.15. -«Функционалдык жана атайын багыттуу, ошондой эле коомдук тамактануу тамак азыктарынын технологиясы жана товар таануусу» адистиги боюнча сырттан окуу бөлүмүнө тапшырат. 2018-жылы ага окутуучу кызматына которулган.

Азисова М.А. «Коомдук тамактануу мекемелериндеги азыктардын жана кызматтардын сапатын көзөмөлдөө, «Коомдук тамактануу мекемелерин долбоорлоо», «Ресторандардагы өндүрүштү жана тейлөөнү уюштуруу», «Ресторандык бизнестеги сатууну уюштуруу», «Тамактануу чөлкөмүндөгү ХАССП» ж.б. дисциплиналардан сабак өтөт.

Лекцияларды окууда заманбап мультимедиялык каражаттарды колдонот. Техниканын жана технологиянын өнүгүшүнүн жаңы талаптарына жараша окуган сабактарынын мазмунун жаңылантып турат. Бардык окуган сабактарынын ОУК тери иштелип чыккан. 740300 «Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы жана аны уюштуруу» багыты боюнча бакалаврлардын курстук иштеринин жана бүтүрүү квалификациялык иштеринин темаларын түзүүдө, жаңы лабораториялык сабактарды иштетүүдө активдүү катышат. Кафедрада мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жооптуу. Кафедранын материалдарын орус тилинен мамлекеттик тилге которуп келет. Кафедранын катчысы.

Азисова М.А. диссертациялык ишинин темасында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары илимий-техникалык конференцияларда докладдалат жана басмага берилет. Ал факультеттин жана кафедранын коомдук жашоосуна активдүү катышат.

И. Раззаков атындагы КМТУнун жаш окумушчулар жана изилдөөчүлөр советинин мүчөсү.

2016, 2017-жж. студенттердин өндүрүштүк практикасынын жетекчиси болгон мезгилде, Алматы технологиялык университетинде (Казакстан) стажировкадан өткөн. 2017-жылы билим берүү программаларын жана бирикмелерин аккредитациялоо боюнча квалификациясын жогорулаткан. 1 курстун бакалаврларынын академиялык кеңешчиси жана куратору.

РК КТУнун 3-чогулушу Эл аралык илимий-техникалык конференциясын уюштурууда жана өткөрүүдө активдүү жана жемиштүү иш алып барганы үчүн ыраазычылык көрсөтүлгөн (2015-ж.).

Кесиптештерине сый мамиле жасап, студенттерди тарбиялоого, талдоо мүмкүнчүлүгүн өрчүтүүгө жана керектүү маалымат алууга чоң көңүл бурат, алардын бир нерсеге кызыгуусун жана дилгирлигин баалайт да, пайда болгон маселени чечүүдө жаңы жолдорду издөөсүн, терең ойлонуусун колдойт.

 

img_5254

Технологиялык факультетинин жетектөөчү адиси

Мамбетова Догдуркүл Саяковна

Мамбетова Д.С. 1964-жылы туулган, кыргыз, жогорку билимдүү, 1988-жылы Прежевальск мамлекеттик педагогикалык институтун (ПМПИ) бүтүргөн.

И.Раззаков атындагы КМТУда 1994-жылдан бери эмгектенип келет. Эмгек жолун  жалпы илимдер факультетинин улук лаборанты, технология факультетинин инженери катары баштаган. Азыркы учурда технология факультетинин башкы адиси кызматын аткарат.

Университеттин жетекечилигинен көптөгөн алкыштарды жана сыйлыктарды алып келген. И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Элдосова Махабат Туратбековна

Технология факультетинин методисти

Элдосова М.Т., 1991-жылы туулган, кыргыз, жогорку билимдүү, 2013-жылы И.Раззаков атындагы КМТУнун “Жеңил өнөр жай материалдарын конструкторлоо технологиясы” адистигин аяктаган.

Конокбаева Мээрим Конокбаевна

Технология факультетинин инженери

Конокбаева М.К., 1992-жылы туулган, кыргыз, жогорку билимдүү, 2014-жылы М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун “Коомдук-маданий сервис жана туризм” адистигин бүтүргөн.

Түзүмү

Технологиялык факультет 1954-жылы негизделген жана университеттин тамак-аш жана жеӊил өнөр жай технологиясы боюнча жогорку квалификациялуу бакалаврларын жана магистрлерин даярдоодо алдынкы окутуу-илимий бөлүмү болуп эсептелинет. Факультеттин курамында 10 кафедра бар: 7 бүтүрүүчү жана 3 тейлөөчү.

«Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы»

«Консервалоо технологиясы»

«Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы»

«Тамак-аш инженерия»

«Химия жана химиялык технологиялар»

«Дизайн жогорку мектеби»

«Кыргыз тили»

«Орус тили»

«Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы»

«Буюмдарды көркөмдөп долбоорлоо»

Мусульманова М.М., т.и.д., профессор

Элеманова Р.Ш., т.и.к. доцент

Рысбаева И.А., т.и.к., доцент

Кочнева С.В., т.и.к., профессор

Борбиева Д.Б.,  х.и.д., доцент, проф. КГТУ

Коеналиев К.К., доцент

Исмаилов А.У.,  доценттин м.а.

Джумабекова Р.К.,  доценттин м.а.

Кошоева Т.Р., т.и.к., доцент

Джолдошева А.Б., т.и.к., доцент

ТФнын түзүмүндө: «Технолог» Окуу-практикалык борбору (директор – т.и.к., доцент Коджегулова Д.А.), “Буюмдарды көркөмдөп долбоорлоо”  кафедрасынын “Сайма” көркөм өнөрканасы жана “Жаш кыял”  Окуу-практикалык борбору,  «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын Окуу-өндүрүштүк өнөрканасы, чет өлкөлүк жарандар үчүн орус тили курсу бар.

Технология факультетинин базасында Химия-технологиялык илимий-изилдөө институту ийгиликтүү иштеп жатат (директору – Эл аралык илимдер академиясынын академиги, х.и.д., профессор М.Б.Баткибекова).

 

Илимий изилдөөлөр

IMG_5720 (1)

Технологиялык факультеттеги илимдин өнүгүүсүнүн башында төмөнкүлөр турушкан: илимдин кандидаттары, доценттер: Чешев К.С., Дыченко Ф.Е., Омурзаков Ж.О., Моисенко А.С., Барелко Н.Б., Герасимова Л.К., Сейтпаева С.К., Шабданбеков У.Ш. ж.б.

Факультеттин окумуштуулары азыркы илимдин төмөнкүдөй актуалдуу көйгөйлөрү боюнча илимий изилдөөлөрдү активдүү жүргүзөт: жаратылыш байлыктарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жана ден соолукту коргоо, функционалдык азыктарды өндүрүүдөгү биотехнологиялык изилдөөлөр, базальттын негизиндеги композициялык материалдар ж.б. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөгү (ММУ, РХТУ, КазМУ, АТУ, МТИПП, Швеция, Германия, Улуу Британия, АКШ ж.б.) кесиптештери менен биргеликте долбоорлорду жана илимий изилдөөлөрдү ийгиликтүү аткарып жатышат.

Профессорлор Баткибекова М.Б., Джунушалиева Т.Ш., Д.Б.Борбиеванын жетекчиликтери менен «Химия жана химиялык технологиялар» кафедрасынын окумуштуулары тарабынан  аткарылган ИИИнин негизги жыйынтыктарын өнөр жай өндүрүшү үчүн жаңы технологияларды иштеп чыгуунун бүтүндөй бир катарына кошууга болот, аларды алсак: калдыктарды (рафинирлешкен шлактар) жана Кадамжай сымап комбинатында сымап өндүрүүдөн чыккан таштанды электролиттерди утилдештирүүнүн технологиялары; Терек-Сайда, Долпранда, Иштамбердыда (КР) жайгашкан алтын камтыган катуу кендердин кошулмаларынан тиокарбамиддик жол менен алтынды бөлүп алуунун экологиялык коопсуз технологиялары; Долпранда (КР) жайгашкан алтын камтыган катуу кендердин кошулмаларынан тиокарбамиддик жол менен алтынды бөлүп алуунун экологиялык коопсуз технологиялары; Иштамберды кен казуу жайындагы алтын-мышьяк кошулмаларынан тиокарбамиддик жол менен алтынды бөлүп алуунун технологиялык схемаларынан алынган мышьяктардын жыйынтыгы боюнча изилдөөлөр; КРдин түндүгүндөгү жаратылыш сууларындагы микробиологиялык булганууларды жана токсиндүү металлдардын курамын изилдөө; иче турган сууну тазалоонун экспресс-методун иштеп чыгуу ж.б.

ТАӨТ кафедрасынын окутуучулар курамы профессорлор М.М. Мусульманова, А.Дж. Джамакеева, Т.А. Супонина, А.Ш. Мамбетованын жетекчиликтери астында берилген касиеттерге   (функционалдык) ээ тамак-аш азыктарын жаратуунун илимий-практикалык негиздерин иштеп чыгуу, стресске каршы, адаптогендүү, жыт берүүчү жана радиопротектордуу касиеттери бар азыктарды жаратуу максатында жаныбарлардан алынуучу чийки зат азыктарын (сүт, эт) кайра иштетүү техникасын жана технологиясын өнүктүрүү; жаңы технологияларды өндүрүшкө киргизүүнү даярдоо менен алектенишет.

ТФдагы ОПК өз квалификациясын  эл аралык билим берүү программалары, стажировкалар, аспирантурада окуу менен жогорулатышат. Изилдөөнүн материалдары монографиялар, Крдин ойлоп табуучулук патенттери, рецензиясы бар илимий журналдарга чыккан макалалар түрүндө жарыяланган жана республикалык, эл аралык илимий-практикалык конференцияларда баяндамалар жасалып, өндүрүшкө киргизилген.

Акыркы жылдары тамак-аш өнөр жайынын бир катар ишканаларында «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиялары» кафедрасынын бир канча иштелмелери текшерүүдөн өтүп, ишке киргизилди, анын ичинде: «Токчулук» («Эридан-сүт») кычкыл сүт суусундугунун жаңы технологиясына  тажрыйбалык-өнөр жай текшерүүсү жүргүзүлдү; «Эльвест» ААКсында «Дан-Ай» сары суусу бар  сусундугун чыгаруу технологиясы, жеке ишкер тарабынан «Элет-сут» ишканасында «Бозодой» сары суусу бар  сусундугун чыгаруу киргизилди; тамак-аш булалары жана топинамбурасы бар кычкыл сүт азыктарын иштеп чыгуунун технологиялары «ЭльВест» ААКсына киргизилди; жогорку антиоксиданттык активдүүлүгү бар жаңы сыр жасоо технологиясы «ЭльВест» ААКсына киргизилди ж.б.

Изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча  (студенттер менен биргеликте) эт азыктарынын жаңы технологиялары (кургатып кесилген эт, «Шпеквурст» кайнатылып ышталган колбаса чыгаруу технологиялары) түзүлүп, «Риха» ЖЧКсында; «Византийская» кайнатылып ышталган колбаса чыгаруу технологиясы «Баркад» ЖЧКсында; «Киевче чочконун эти» чүйгүн азыгын чыгаруу технологиясы «Новопавловдук колбасалар» ЖЧКсында сыноодон өтүштү ж.б.

Эт азыктарындагы биологиялык  баалуулуктарынын химиялык курамына жана базалык көрсөткүчтөрүнө эсептөө жүргүзүүгө карата программалык камсыз кылуулар иштелип чыкты (Джамакеева А.Дж., Ашымова А.Ж.). Бул иш 2017-жылы Ысык-Көлдө өткөн Жаштардын эл аралык форумунда «Мыкты инновациялык азык» Дипломуна, ошондой эле 2017-жылдагы GIZдин «Идеялар жарманкесинин»  1-даражадагы Диплому менен сыйлыгына ээ болду. Ушул эле кафедранын кызматкерлери М.Д. Халмурзинанын, А.Ш. Мамбетованын эмгектери II жана III даражадагы Дипломдорго ээ болду.

Айлана-чөйрөнүн абалы начарлаган жана тамактануу түзүмү бузулган аймактарда жашаган калк үчүн бул сунушталган азыктарды массалык түрдө  өндүрүп чыгаруу калктын ден соолугун массалык түрдө чыңдоону ишке ашырат.

«Консервалоо технологиясы» (ТК) кафедрасынын  изилдөөчүлөрү тарабынан «Аязмар» АКсында «Максым» суусундугун өндүрүү актысы алынган (автору Коджегулова Д.А.). «Макый Дан»  ЖЧКсында «Бадырак ванильный», «Бадырак шоколадный» жарылма дандарды чыгаруу өндүрүшкө киргизилген (автору доц. м.а. Конкубаева Н.У.). Жаңы ферменттүү «Бозодой» Зсары суусу бар суусундукту  Зарлыковдун ЖИсинде чыгаруу өндүрүшкө кирген (автору доцент Элеманова Р.Ш.).

«Тамак-аш өнөр жайында ресурсту сарамжалдоо, айлана-чөйрө менен ден соолукту коргоо» форматында «Тамак-аш инженериясы» кафедрасы  «Үчүнчү үй бүлөлүк механизмдерди түзүмдүк синтездөөнүн ыкмаларын» (Садиева А.Э.), «Айыл-чарба азыктарын жана материалдарын чаңдатуу менен кургатуу техникаларын жана технологияларын өркүндөтүүнү» (Кочнева С.В.),  «Материалдарды синтездөө ыкмаларын» (Абдираимов А.А.) иштеп чыгуунун үстүндө иштеп жатышат.

«Дизайндын жогорку мектеби»  кафедрасынын башчысы К.К. Коеналиевдин медиа-программадагы сувенирдик азыктары жана анын ачылышы И.Раззаков атындагы КМТУда ишке киргизилген. Алар тарабынан ошондой эле  КРдин Мамлекеттик стандарты КМС1303:2017 иштелип чыккан, ал Крдеги басмалар жана полиграфиялык ишканалар үчүн Улуттук стандарт катары киргизилген. Доценттер К.К. Коеналиевдин ,С. Адышевдин, Т. Забидиновдун, А.А. Момуналиевдин живопистик жана графикалык эмгектери  Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн китептик  жана журналдык  азыктарына иллюстрациялар катры киргизилген. Окутуучу А.Т. Турганбаеванын мектеп окуучулары үчүн формасы КР ББжИМнин  3-даражадагы дипломуна татыктуу болгон.

Профессор А.С. Иманкулованын жана каф. башчысы И.А. Рысбаеванын жетекчилиги астында «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы» кафедрасынын окумуштуулары тарабынан жаңы композициялык материалдар иштелип чыгып, өнөр жайдын ар кандай тармактарында ишке киргизилди:

— токума негиздүү текстилдик композициалык материал (Иманкулова А.С.) Кара-Балтадагы тамак-аш казандар заводу;

— атайын бут кийимдер үчүн таман төшөлмөлөрү ( Иманкулова А.С., Чимчикова М.К., Тагаева Н.И., Чукбаева А.М.), ЖЧК «Гермес»;

— атайын дайындоодогу жаңы композициялык материал (Рысбаева И.А.). Чүй областынын Өрт коопсуздук башкармалыгы;

— текстилдик армирлөөчү негиз (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К.), “IHLAS” курулуш компаниясы;

-комплекстүү композициалык материал (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К.) 2007, АК «Ак марал»;

— көп катмарлуу композициалык материал жана аны жасап чыгаруунун жолдору (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К.), АК «Алия»;

— кездеме эмес материалдарды алуу үчүн түзүлүш (Иманкулова А.С. Рысбаева И.А. Турусбекова Н.К. Шабданова А.С.), кездеме эмес материалдарды алуу боюнча «Айкөл» ЖКсы

-медиктер үчүн моделдердин жаңы коллекциясы (Маслянова Ф.И.), «Медиа плюс» фирмасы.

«Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедрасындагы ОПК тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктары доценттер Е.Е. Лысогоровдун, К.Б. Акматовдун жеке көргөзмөлөрүндө көргөзүлгөн. Кафедранын доценттери А. Момуналиевге жана Е Лысогоровго  Москва шаарындагы Эл аралык Конфедерациянын дипломдору ыйгарылган. «Дизайндын жогорку мектеби» кафедрасынын доценттери Адышев С.Т., Момуналиев А.А. Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган ACCENT «СВЕТ/ФОРМА» чыгармачыл тобунун Эл аралык көркөм көргөзмөсүн уюштурууга жана өткөрүүгө активдүү катышышты. Көргөзмөдө  110дон ашык төмөнкүдөй эмгектер көрсөтүлдү: Кыргызстан жана Казакстан сүрөтчүлөрүнүн живопистери, графикасы, айкелдери, ювелирдик иштери.

Доцент Мамбетова Б.Ж. «КРдин маданиятынын мыкты кызматкери» төш белгисине татыктуу болду.

«Жеңил өнөр жай буюмдары» кафедрасынын студенткасы Абдылдаева Жаңыл кийизден жана жибектен жасалган «Кылым карытар бир күн» аталышындагы коллекциясын Ассоль Молдакматова менен авторлукта жарата алды жана чет өлкөлүк бир катар иш-чараларга катышып келди. Бул студент кыз өзүнүн жаңы коллекциялары менен 2018-жылы Челябинск шаарында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чараларга катышты. Ошондой эле 2018-жылы Анкара шаарындагы фешн-көрсөтүүсүнө «Эволюция» аттуу коллекциясы менен катышты.

Санк-Петербург шаарында өткөн «Этномода» ижана «Адмиралтейская игла» эл аралык көргөзмөсүндө студент кыз Е. Заболотневанын  жеңишин «Жеңил өнөр жай буюмдары» кафедрасынын жетишкендиги катары эсептөөгө болот (жетекчилери: Мамбетова Б., Халанская Е.). Доцент Е.Е. Лысогоров  өкмөттүн «КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери» сыйлыгына татыктуу болду.

Ойлоп табуучулук активдүү ишмердиги үчүн профессор М.Б.Баткибекова 2012-жылы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Алтын медалы менен сыйланган, 2010-жылы ЖӨБТ кафедрасынын башчысы А.С. Иманкуловага Илим жана техника тармагындагы КРдин Мамлекеттик премиясы ыйгарылган жана лауреат наамы берилген.

2017/18-окуу жылы үчүн гана 3 монография, 99 макала, анын ичинде  60 макала – РИНЦ журналдарына жарыяланган, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары 116 республикалык, 47 эл аралык илимий-практикалык конференцияларда угулган, КРдин 5 патенти  алынган, 7 ойлоп табуу үчүн КРдин патентин алууга арыз берилген

Джамакееванын доктордук диссертациясы коргоого даяр болду, А.А.Усупкожоева менен Р.Ш.Элеманованын доктордук диссертациялары иштелип жатат. Э.И.Сырымбекованын, Д.С Кудайбергенованын., Г.А.Наркозиеванын, Дж.А. Барсанаеванын кандидаттык диссертациялары коргоого даяр болуп калды.

IMG_5718IMG_5669

Тфнын илимий ишине студенттер активдүү катышат. Иштер этаптар боюнча жүргүзүлөт: кенже курстарда – бул илимий рефараттарды жазуу, изилдөө методдорун үйрөнүү, андан ары окутуучунун жетекчилиги менен эксперименттерге жана изилдөөлөргө катышуу.

Жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий ишмердиктери үчүн факультетте бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кафедралардын 15тен ашык лабораториялары, «Технолог» ОПБсы, «Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы, «Буюмдарды көркөм долбоорлоо» кафедраларынын лабораториялары менен өнөрканалары («Сайма») пайдаланылат. Университет жаш окумуштуулардын, аспиранттардын жана студенттердин конференцияларын дайыма өткөрүп турат, дипломдор менен сыйлап, конференциянын материалдарын жыйнакка жарыялап турат.

ТФнын жаш окумуштуулары, аспиранттары жана студенттери И.Раззаков атындагы КМТУнун жыл сайын болуучу илимий конференцияларына активдүү катышышат. Атап айтсак, Жаш окумуштуулардын, аспиранттардын, магистранттардын жана студенттердин  Эл аралык мааракелик 60-илимий-техникалык  конференциясында төмөнкү секциялар боюнча 98 баяндама угулуп, 12 катышуучу 1, 2, 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты: «Химиялык технологиялар жана жаңы материалдар», «Текстиль жана жеңил өнөр жай технологиялары», «Механика жана робототехника».

Студентердин жасаган иштери боюнча көргөзмөгө Технологиялык факультеттин бардык кафедраларынын студенттеринин экспонаттары, макеттери, буюмдары коюлду. Пленардык отурумда ТПООПб-1-14 тайпасынын студенти Р.Ногоева «Топоздун этинен жаңы азык өндүрүүдө ар кыл маринаддарды пайдалануу» деген темадагы баяндамасы менен чыкты (илимий жетекчилери Тамабаева Б.С. жана Аширбекова Г.Б.). 2018-жылдагы мыкты илимий-техникалык иштелмелер катары төмөнкүлөр таанылды:ТКИЛП(б)-1-15 тайпасынын студенти Ж.Абдылдаеванын «Улуттук кийимдердин мурасы жана өнүгүүсү» коллекциясы (илимий жетекчиси М.О. Сыдыгалиева), студент М.Курманбаеванын бамбук колдонуу менен «Кыргыз жерим» аттуу чийден жасалган панносу (илимий жетекчиси Б.Ж. Мамбетова).

Абитуриентке

И. РАЗЗАКОВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК

ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ФАКУЛЬТЕТ

Урматтуу абитуриенттер!

Технологиялык факультетке тапшырыңыздар!

Технологиялык  факультет  КМТУнун  алгачкы  түзүлгөн  башка факультеттери сыяктуу эле 1954-жылы уюшулган. Көптөгөн жылдардан бери технологиялык факультет Борбордук Азия аймагындагы базалык окуу  жана  илимий  борбор  болуп  саналат. Технологиялык факультет тамак-аш жана жеңил өнөр жайы, сервис, туризм, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн бакалаврларды, магистрлерди даярдайт.

Технологиялык факультет бүгүнкү күнү: бул — Кыргызстандын жана Казакстандан, Россиядан, Өзбекстандан жана Түркменстандан келген 1200дөн ашык студентер; жогорку квалификациялуу окутуучулар, алардын ичинде: илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттер, “КРнын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген ишмерлери” жана “КРнын билим берүүсүнүн отличниктери” болуп саналат. И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында Эларалык банктын гранты (1,5 млн$) менен Орто Азия боюнча тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшү боюнча алгачкы “Технолог” окуу-практикалык борбору негизделген. Бул борбор кесиптик билим берүү системасында бирден-бир заманбап окутуу мекемеси болуп саналат. Эл аралык аккредитация. «Жаныбарлардан алынуучу тамак-аш азыктарынын технологиясы жана өндүрүшү» багытытындагы бакалавр илими жана магистр боюнча окуу программалары АКВИН (Германия Федаративдик Республикасы) агенствосунда Кыргызстанда биринчи жолу аккредитациядан өтүштү. Бул программанын бүтүрүүчүлөрү дүйнөнүн 41 өлкөсүндө ностарификациясыз эле ишке орношо алат жана дүйнөнүн 120дан ашык ЖОЖунда окуусун уланта алышат.

Германиянын канцлери Ангела Меркель айым Кыргыз Республикасына болгон өзүнүн ырасмий визитинде (2016-ж.) И.Раззаков атындагы КМТУга келип, «Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы» кафедрасынын студенттери менен жолугушту жана ал студенттердин кесиптик жактан даярдыктары жакшы экендигин белгиледи. Факультетте адистерди даярдоонун сапаты дайыма мезгилдин талаптарына жооп берип турат. ТФнын бүтүрүүчүлөрү тамак-аш жана жеңил өнөр жайында, мамлекеттик түзүмдөрдө иштешет, ишкерлик кылышат жана жеке ишканаларын ачышат. Факультеттин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында ЖКнин депутаттары, эл аралык ири компаниялардын директорлору, тигүү ишканаларынын, кайра иштетүү өндүрүшүнүн, ресторандардын, курулуш компанияларынын ээлери, ЖОЖдордун проректорлору бар. Бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусу – 90%дан ашат.

«Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн технологиясы» багыты боюнча эл аралык аккредитациялоонун билим берүү программасы

“Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү” программасынын форматында GIZ Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык уюму эл аралык  «АCQUIN» Германиялык аккредитациялык агентствосунан «Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн технологиясы» адистиги  биринчилерден болуп   бакалавр жана магистр окуу программалары боюнча  аккредитациядан өттү, тастыктама 2014-жылдын 2-декабрынан берилди. Бул программа ТППП кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы жана немец эксперттеринин жетекчилиги астында КМТУнун кызматкерлери  тарабынан иштелип чыккан. Кыргызстандагы жогорку кесиптик билим берүүдөгү эл аралык стандарт боюнча аккредитацияланган алгачкы программа болуп калды (1-тиркеме – аккредитациянын тастыктамасы). Аккредитацияланган программа КМТУнун студенттери, окутуучулары, бүтүрүүчүлөрү үчүн Европалык союздун аймагында билим алууга жана башка мүмкүнчүлүктөргө эшик ачты. Кафедранын бүтүрүүчүлөрү эл аралык статустагы дипломго ээ болушат. Ошону менен катар дүйнөнүн 41 өлкөсүндө иштөөгө жана 120дан ашык өлкөнүн болон системасын кабыл алган жогорку окуу жайларында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат. 2015-жылдын декабрь айында кафедранын магистрлик программасы тамак-аш технологиясы боюнча үч багытта эл аралык аккредитациядан өттү: “Тамак-аш азыктарынын сапаты жана коопсуздугу”, “Азыктарды кайра иштетүү”, “Технология жана ишкананы башкаруу”, тиешелүү тастыктама алынды. (2-тиркеме – аккредитациянын тастыктамасы).

Википедия

Технология факультети КМТУнун башка алгачкы факультеттери сыяктуу эле 1954-жылы негизделген. Бир канча жылдардан бери Борбордук Азиянын базалык окуу- илимий борбору болуп келет.  1961-1991-жылдары жалаң гана Кыргызстан үчүн эмес Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан үчүн топтоштуруп жыйнактоо боюнча тамак-аш адистерин даярдоо иштери жүргүзүлгөн. Технология факультети бүгүнкү күндө: —  бул: 1300дөн ашуун студент, алардын катарында Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү; 10 кафедра, 2 илимий-изилдөө институту.

Факультеттин кафедраларынын  окутуучулук- профессордук  курамы билимдерин жогорулатуу боюнча Россиянын, Казакстандын, Швейцариянын, Турциянын, Германиянын, Англиянын, АКШнын башкы окуу-илимий борборлорунан даярдыктарды өтүп келишкен жогорку профессионалдуу адистерден турат. Факультеттеги ОПКнын катарында 4 илимдин докторлору, профессорлор, 28 илимдин кандидаттары, доценттер бар. Факультеттин курамында  “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкерлер”  — профессорлор  М.Б.Баткибекова , Т.Ш.Джунушалиева, Илим жана техника боюнча КРнын Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты  —  профессор  А.С.Иманкулова жана  28 —  “СССРдин жана КРнын билим берүүсүнүн отличниктери” эмгектенишет. Факультеттин кафедралары Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактары болгон  тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, жеңил өнөр жайы жана тейлөө кызматтары үчүн бакалаврларды, дипломдуу адис-инженерлерди, магистрлерди даярдап жана бүтүрүп келет. Билим берүү программасын окуу жана өздөштүрүүнүн нормативдик мөөнөтү: инженер – 5 жыл, бакалавр – 4 жыл, магистр – 2 жыл.

ТФнын өнүгүүсү жана негизги аткарылган иштер (2012-2017-ж.)

Эл аралык  «АCQUIN» Германиялык аккредитациялык агенствосунан «Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн технологиясы» адистиги  биринчилерден болуп   бакалавр жана магистр окуу программалары боюнча  аккредитациядан өттү, тастыктама 2014-жылдын 2-декабрынан берилди. Программа Кыргызстандагы кесиптик билим берүүдөгү эл аралык стандарт боюнча аккредитацияланган биринчи программа болуп калды.

Кафедранын бүтүрүүчүлөрү эл аралык статустагы дипломго ээ болушат. Ошону менен катар дүйнөнүн 41 өлкөсүндө иштөөгө жана 120дан ашык өлкөнүн болон системасын кабыл алган жогорку окуу жайларында окуусун улантууга мүмкүнчүлүк алышат.

Окуу иштери: Окутуунун кредиттик технологиясына өткөрүү иши ишке ашты. Жылына 136дай адам  инженер адистиги боюнча дипломдуу болушат. Бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо үчүн   дипломду коргоо иши республиканын алдынкы ишканаларынын (“Риха”, “Баркад”, “Бон-Аппети”, модель агенстволору ж.б.) өкүлдөрүнүн, жумуш берүүчүлөрдүн катышуусунда өтөт.

  • Бүтүрүүчүлөрдүн ар кайсы адистик боюнча жумушка орношуусу отчеттук мезгил ичинде 77-100% түздү; өндүрүштүк ишканалардын электрондук маалымат базасы жана бүтүрүүчүлөрдү жумуш менен камсыздоо базасы бар;
  • “Технолог” ОПБ окуу процессин ийгиликтүү жүргүзүп жатат. Сабактар өтүлүп, практиканын бардык түрлөрү: таанышуу, өндүрүштүк , диплом алдындагы практикалар өтүлүп жатат. Азык-түлүк продукциясынын сапатын, коопсуздугун стандарттык текшерүүдөн өткөрүү боюнча бир нече семинарлар уюштурулду;
  • Алматы технологиялык университети (Казакстан Республикасы) менен адистерди биргелешип даярдоо үчүн окутуучулардын жана студенттердин мобилдүүлүгү боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү;
  • ТФнын окутуучулук-профессордук курамы Кыргызстандын алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрүндөгү билим берүү жана илимий борборлору, ЖОЖдору, уюмдары менен тыгыз байланышта кызматташып келишет. Алардын катарында 11 уюм алыскы чет өлкөдөн, мисалга алсак: Бүткүл дүйнөлүк банк, National British Museum, Берлин техникалык университети, Германия ж.б.;  4 Министрлик – Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Айыл-чарба министрлиги, Экономика министрлиги жана 3 ассоциация ж.б.;
  • “Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы” кафедрасынын доценттери Турусбекова Н.К. жана Кермалиева В.С., “Химия жана химия технологиялары” кафедрасынын доценти Сырымбекова Э.И., “Консервалоо технологиясы” кафедрасынын доц.Усупкожоева А.А. жыл сайын өткөрүлүүчү  EdNet билим берүү мекемелеринин ассоциациясынын “Компетенттүү мамиленин негизиндеги эң мыкты инновациялык окуу-усулдук комплекси” номинациясы боюнча өлкөнүн ЖОЖдорунун ичинен  дипломант болушту. (2012-2015-ж.)
  • “Жеңил өнөр жай буюмдарынын технологиясы” кафедрасынын адистерин, бакалаврларды даярдоо үчүн окуу процессине САПР “ГРАЦИЯ 214” компьютердик программасы киргизилди.
  • “ФЭСТЛАЙН” Билим берүү-эмгек Борборунун сунушу менен ТФнын студенттери 5 эл аралык стажировканы Турциядан (Анталия отели) өткөрүүсү уюштурулду;  Алматы технологиялык университетинен (Казакстан Республикасы) стажировкадан 45 студент өттү.
  • Технология факультетинде жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн ЖОЖдорунан “Конок” профессорлор чакырылып, студенттер жана окутуучуларга лекция окуу жана семинар өткөрүү иштери уюштурулду. (2014-2016-ж.)

ОПКнын квалификациясын жогорулатуу. ТФнын окутуучулары 122 стажировкадан өтүштү, алардын катарында: алыскы чет өлкөлөрдөн – 21, КМШда – 60, КМТУда – 41, Бүткүл дүйнөлүк банкынын «Агробизнес жана маркетинг»  долбоору боюнча Les Sicandieres ( Surgeres ш., Bressure, Франция) Тренинг-Борборунда  Коджегулова Д.А., Кожобекова К.К., Джамакеева А.Ж., Мамбетова А.Ш., Конкубаева Н.У. практикалык семинарлар стажировкасынан өтүштү. ( 2012-ж.)

«Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү — І» GIZ Эл аралык долбоорунун  семинары – Райимкулова Ч.О. (Берлин. Ташкент. Бухара), Касымова А.Ш. (Душанбе ш.). Мусульманова М.М., Салиева З.Т. (Берлин, Германия) ж.б. 2012-2014-ж.

Берлин техникалык университетинде (Германия)  жылдык жана бир жолку өтүлгөн стажировкалардын долбоорлору: ДААД – Усупкожоева А.А. (2013), «Эразмус Мундус»  CASIO долбоору боюнча  – Мусульманова М.М. (Швеция, 2013); Райимкулова Ч.О., Касымова Ч.К., Мамбетова А.Ш.

Илимий-изилдөө иштери. Факультетте  профессорлор М.Б.Баткибекованын, М.М.Мусульманованын, А.С.Иманкулованын 3 илимий мектеби өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Ошондой эле диссертациялык иштер боюнча Райимкулова Ч.О., Тамабаева Б.С., Кочнева С.В. жетекчилик кылышат.

  • ТФнын 9 окутуучусу кандидаттык диссертацияларын жакташып, илимдин кандидаттары наамдарын алышты: Джолдошева А.Б. (ТИЛП кафедрасы); Каримова И.С. ( химия кафедрасы); Абдыкеримова А.С. (химия кафедрасы ); Турусбекова Н.К. (ТИЛП кафедрасы); Рысбаева И.А. (ТИЛП кафедрасы); Исираилова А.М. (кыргыз тили кафедрасы); Каратаева К.К. (ТПОП кафедрасы); Кылычбекова Н.К. ( ТПОП кафедрасы); Элеманова Р.Ш. (химия кафедрасы);
  • 8 адам диссертациялык ишерин жыйынтыктап жатышат: Маманов А.Т., Исагалиева А.К., (каф. ЗЧС); Конкубаева Н.У. (каф. ТК); Чимчикова М.К., Тагаева Н.Н., Чукбаева А.М. (каф. ТИЛП); Исмаилов А.У.(каф. Кырг.тили); Сырымбекова Э.И. (каф. Химия);
  • ТФнын аспирантурасында 11 аспирант жана 12 изденүүчү окуп жатышат. Карлсруэ (Германия) университетинин аспирантурасында  «Химия жана химия технологиялары» кафедрасынын аспиранты Рустам кызы Чолпон  Ислам банкынын гранты боюнча окуп жатат, (2012-ж. азыркы учурга чейин), Хохенхейм (Германия) университетинин магистратурасында  ТППП кафедрасынын бүтүрүүчүсү Гуцал В. Билим алуусу улантууда ( 2012-ж.)
  • Изилдөөлөрдүн натыйжасында публикацияланган эмгектер:  6 монография, КРде 178 макала, КМШда 56 макала,  алыскы чет өлкөдө 7 макала;  КР де 58 конференцияда баяндамалар жасалды: 87 – КМШда, 6 – алыскы чет өлкөдө;  35 патент,  27 өтүнмө, 1 ишке киргизүү,  95 студенттик баяндамалар, баары – 554 публикация;
  • ХТИИИнин директору, х.и.д., проф. М.Б.Баткибекова Бүткүл дүйнөлүк өздүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы менен сыйланды. (2012-ж.)

ТФнын гранттары —  факультетте акыркы 5 жылдыкта 7 грант ийгиликтүү ишке ашты, алардын катарында:

  • Бүткүл Дүйнөлүк банкынын гранты боюнча (1.5млн $)  Орто Азиядагы бирден бир  азыктарды иштетүү өндүрүшү боюнча  “Технолог”  Окуу-практикалык борбору  ачылып,  этти кайра иштетүү, сүттү кайра иштетүү, нандын түрлөрү жана кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча заманбап жабдуулар  (Италия, Испания, Россия)  менен жабдылган 4 өндүрүштүк цех түзүлдү.  ОПБ химиялык, микробиологиялык, сенсордук лабораториялар, тренинг залдары, китепкана (2013-ж.) менен камсыздандырылды. Мөмө жемиштерди жана жашылчаларды кайра иштетүү үчүн цехи каражаттын жетишсиздигинен токтоп калды.
  • ДААД , «Эразмус Мундус», CASIO долбоорлору боюнча грант менен  Мусульманова М.М. ,Усупкожоева А.А. стажировкадан өтүштү.
  • Эл аралык аккредитациялоо долбоорунун билим берүү программалары боюнча «Жаныбарлардан алынуучу азыктарды өндүрүүнүн технологиясы» аккредитациясынан («АCQUIN» Германиялык аккредитациялык агенствосу) биринчи болуп «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы”  кафедрасы өттү. (2014-ж. бакалавриат, 2015-ж. магистратура). Аккредитация 2021-жылдын 30-сентябрына чейин жарамдуу.
  • Erazmus+ грантын (90 миң €) “Консервалоо технологиясы” кафедрасынын профессору Д.А. Коджегулованын “Азыктар системасынын стандарты үчүн жогорку билим”  аттуу долбоору утуп алды.(2016-19-ж.)
  • КРнын ББжИМ конкурстук темалардын аткарылышы (600миӊ сом жыл сайын) грантын “Химия жана химия технологиясы” жана «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы” кафедраларынын изилдөөчүлөрү аткарышты (2012-16-ж.) ( илимий жетекчилери: проф. Джунушалиева Т.Ш., проф. Мусульманова М.М.)

Олимпиадаларга, конкурстарга, көргөзмөлөргө катышуу: ТПООП, ХПИ, ТИЛП, Химия кафедраларынын мастер класстары И.Раззаков атындагы КМТУнун студенттери менен биргеликте КРнын экс-президенти Р.И.Отунбаеванын ”Билим берүү фестивалы” фондунун жүрүшүндө демонстрацияланды (2013-2015-ж.); “Кыргызстан” көргөзмөсү ж.б.:

  • “Буюмдарды көркөмдөп долбоорлоо” кафедрасынын ОПК жана студенттери – көптөгөн эл аралык, республикалык жана КМШ өлкөлөрүнүн колдонмо искусство жана чыгармачыл ойлоп табуучулук конкурс-көргөзмөлөрдүн катышуучулары, алардын катарында: (Шотландия – Мамбетова Б.Ж., Түштүк  Корея – Акматов К.Б., КР — проф. Акынбекова К.Б. башында турган  ОПК группасы;
  • Химия жана химия технологиялары кафедрасынын ОПКсы теоретикалык жана эксперименталдык турлардын тапшырмаларын иштеп чыгышууда жана химия боюнча шаардык мектеп олимпиадаларын өткөрүшүп, калыстар тобунун мүчөсү катары 1997-жылдан бери эмгектенип келишет;
  • ЗЧС кафедрасынын студенттери экология боюнча республикалык конкурста (2013-ж.) 1-орунду ээлешти; КРнын аскага чыгуу боюнча Чемпионаттыгында 3-орунга ээ болушту.
  • КРнын Улуттук илимдер академиясынын технопаркында “Жашыл технологдор -2013” көргөзмөсүндө студенттер жана окутуучулар 14 грамотага ээ болушту:   “Буюмдарды көркөмдөп долбоорлоо” каф., “Чыгыш –Тынчтык” окуу-илимий-техникалык борбору, И.Раззаков атындагы ХТИИИ (2012-2014-ж.);
  • «Идеялардын ярмаркасы» инновациялык долбоорлор конкурсунда (2015-ж.) ТИЛП кафедрасынын окутуучулары жана студенттери тастыктамаларга ээ болушту: Таштобаева Б.Э., Рысбаева И.А., Чукбаева А.М., Чимчикова М.К., Мамытова Н. (гр. ТШИ(б)-1-12).

Тарбиялык иштер. Факультеттин окутуучулук-профессордук курамы жана студенттери маданий-массалык иш-чараларга жана спорттук мелдештерге активдүү катышып, республикалык жана эл аралык конкурс, мелдештерде алдынкы орундарды жеңип келишет. Тарбиялык иштер форматындагы бардык иш-чараларда ТФнын студенттери дайыма байгелүү орундарды ээлеп келишет ( “Бишкек жазы”, “Студенттерге арноо”  факультет аралык конкурстарда ж.б.)

Технология факультетинде 2014-2015-окуу жылына гана курстук, жалпы факультеттик чогулуштар, деканаттын жыйналыштарынан тышкары студенттердин жана ОПКнын катышуусу менен  66 ар түрдүү иш-чаралар уюштурулду.

Финансы-экономикалык ишмердик. Факультет университетке эл аралык гранттар боюнча 1 млн. 544 миң $ жана 200 миң € алып келди: алардын ичинде долбоорлор боюнча:

  • Бүткүл дүйнөлүк банкы “Технолог” ОПБсын түзүүгө 1 млн. 450 миң $.
  • GIZ регионалдык программа боюнча 5 млн. 468 миң сом (94275 $.)
  • ББжИМдин гранты 1 млн. 602 миң сом
  • “Стюарт Эссей энд Инвайронментал Лабораторис” ЖЧКнын вице-президенти, PhD философиясынын доктору, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Ардактуу профессору” Садыров О.А.  факультетке демөөрчүлүк кылып келет. Анын демөөрчүлүгү менен ТФнын компьютердик классына (10 “Windows-7” компьютери, 10 компьютердик стол, принтер) 15 миӊ $ , Thermo Jarrell Ash сспектрометрин  (200 миӊ €), “Озон борборунан” (директор  Джумашов К.) “Муздатуучу жана криогендүү техника” адистигине жабдууларды алынып келди.

Бүткүл Дүйнөлүк банкынын гранты боюнча (1.5млн $) курулган, Орто Азиядагы тамак-аш азыктары жана аларды кайра иштетүү өндүрүшү боюнча  бирден бир  (ОПБ) “Технолог”  Окуу-практикалык борбору —  кесиптик билим берүү системасындагы алдынкы заманбап окуу жайы. “Технолог”  Окуу-практикалык борборунун ачылыш аземине  Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев А.Ш., Бүткүл Дүйнөлүк банкынын өкүлү Т.Кошматов, Франция жана Япониянын элчилери, КРнын ББжИМдин министри Садыков К.Ж., КРнын Айыл-чарба министри Узакбаев Ч.М. ж.б. өкмөттүн расмий өкүлдөрү келип катышышты.

Технолог”  Окуупрактикалык борбору заманбап чет элдик (Италия, Испания, Германия, Россия ж.б.) технологиялык жабдуулар менен жабдылып, этти жана сүттү, жашылча жана мөмө жемиштерди, дан өсүмдүктөрүн  кайра иштетип чыгуу үчүн химиялык, микробиологиялык, сенсордук лабораториялар менен камсыздандырылды. Ошондой эле борбордо жайгашкан окуу класстары, китепкана жана заманбап мультимедиялык залы студенттерди жаӊы техникалык деӊгээлде окутууга, азыктарды кайра иштеп чыгуу өндүрүшүндөгү жергиликтүү консультанттардын квалификациясын жогорулатууга шарт түздү.

2011-жылдан баштап «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы”  кафедрасынын базасында Германиялык коому тарабынан уюштурулган  «Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү — І» GIZ Эл аралык долбоорунун форматындагы регионалдык программа  ийгиликтүү иш алып барып, “Сүт технологиясы” лабораториясын модернизациялоо иши жүргүзүлүп, диагностикалык жана  микробиологиялык лаборатория жасалды жана күн менен кургатуучу эки жабдуу орноштурулуп, ишке киргизилди.

Факультеттин окумуштуулары учурдун илимий актуалдуу маселелерин изилдөө иштери менен активдүү иштешүүдө: табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу, жаратылышты коргоо жана ден соолукту чыӊдоо, функционалдык азык-түлүктөрдү өндүрүүдөгү биотехникалык изилдөөлөр, текстилдик жана жеӊил өнөр жай технологиясы ж.б. Факультеттин базасында Химия-технологиялык илимий-изилдөө институту жана “Чыгыш-Тынчтык” Окуу-илимий техникалык  борбору өз ишин ийгиликтүү алып барып жатышат. Факультеттин лабораториялары жаӊы заманбап жабдуулар менен жабдылып, практикалык курстарды өздөштүрүүгө толук кандуу шарт түзүп келүүдө. “Сайма” көркөм өнөрканасы жана “Жаш кыял”  Окуу-практикалык борбору  студенттердин чыгармачылыгынын толук кандуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Факультеттин студенттери илимий-изилдөө иштерине, маданий-массалык иш-чараларга жана спорттук мелдештерге активдүү катышып, республикалык жана эл аралык конкурс, мелдештерде, көргөзмөлөрдө алдынкы орундарды ээлеп келишет.

Технология факультети бүгүн да өзүнүн динамикалуу өнүгүүсүн улантууда. Ал дайыма жаӊыланып турат. Кыргызстан азыр тамак-аш жана өнөр жай өндүрүштүгүн, коомдук тамактануу системасын, соода тармагын  көтөрүүчү жана өнүктүрүүчү сабаттуу кадрларга муктаж. Дал ушул адистерди технология факультети даярдайт.

Илимий-изилдөө иштери. Факультетте  профессорлор М.Б.Баткибекованын, М.М.Мусульманованын, А.С.Иманкулованын  3 илимий мектеби өз ишин ийгиликтүү жүргүзүп келет. Ошондой эле диссертациялык иштер боюнча Райимкулова Ч.О., Тамабаева Б.С., Кочнева С.В. жетекчилик кылышат.

  • ТФнын 9 окутуучусу кандидаттык диссертацияларын жакташып, илимдин кандидаттары наамдарын алышты: Джолдошева А.Б. (ТИЛП кафедрасы); Каримова И.С. ( химия кафедрасы); Абдыкеримова А.С. (химия кафедрасы ); Турусбекова Н.К. (ТИЛП кафедрасы); Рысбаева И.А. (ТИЛП кафедрасы); Исираилова А.М. (кыргыз тили кафедрасы); Каратаева К.К. (ТПОП кафедрасы); Кылычбекова Н.К. ( ТПОП кафедрасы); Элеманова Р.Ш. (химия кафедрасы);
  • 8 адам диссертациялык ишерин жыйынтыктап жатышат: Маманов А.Т., Исагалиева А.К., (каф. ЗЧС); Конкубаева Н.У. (каф. ТК); Чимчикова М.К., Тагаева Н.Н., Чукбаева А.М. (каф. ТИЛП); Исмаилов А.У.(каф. Кырг.тили); Сырымбекова Э.И. (каф. Химия);
  • ТФнын аспирантурасында 11 аспирант жана 12 изденүүчү окуп жатышат. Карлсруэ (Германия) университетинин аспирантурасында  «Химия жана химия технологиялары» кафедрасынын аспиранты Рустам кызы Чолпон  Ислам банкынын гранты боюнча окуп жатат, (2012-ж. азыркы учурга чейин), Хохенхейм (Германия) университетинин магистратурасында  ТППП кафедрасынын бүтүрүүчүсү Гуцал В. Билим алуусу улантууда ( 2012-ж.)
  • Изилдөөлөрдүн натыйжасында публикацияланган эмгектер:  6 монография, КРде 178 макала, КМШда 56 макала,  алыскы чет өлкөдө 7 макала;  КР де 58 конференцияда баяндамалар жасалды: 87 – КМШда, 6 – алыскы чет өлкөдө;  35 патент,  27 өтүнмө, 1 ишке киргизүү,  95 студенттик баяндамалар, баары – 554 публикация;
  • ХТИИИнин директору, х.и.д., проф. М.Б.Баткибекова Бүткүл дүйнөлүк өздүк интеллектуалдык уюмунун Алтын медалы менен сыйланды. (2012-ж.)

Технология факультетинин эл аралык долбооролору:

 Бүткүл Дүйнөлүк банкынын “Агробизнес жана маркетинг” долбоору. Кыргыз Республикасынын конкурентке жөндөмдүү агробизнесинин борбору (ЦКА) И.Раззаков атындагы КМТУ менен биргеликте азыктарды иштетүү өндүрүшү боюнча  “Технолог”  Окуу-практикалык борборун негиздешкен.  Грант— 1.5 млн. 450 миӊ $. Окуу-практикалык борборунун техникалык директору – доцент Коджегулова Д.А.  Борбор   этти кайра иштетүү, сүттү кайра иштетүү, нандын түрлөрү жана кондитердик азыктарды өндүрүү боюнча заманбап жабдуулар  (Италия, Испания, Россия)  менен жабдылган.  ОПБ химиялык, микробиологиялык, сенсордук лабораториялар, тренинг залдары, китепкана менен камсыздандырылып, студенттерди жаӊы техникалык деӊгээлде окутууга негизделген жана окутуучулардын, адистердин ж.б. квалификациясын жогорулатууга кенен шарт түздү. Долбоордун ишке ашуу мөөнөтү 2010-2013-ж.

  1. GIZ регионалдык программасы (Эл аралык кызматташтык боюнча Германиялык уюму) Долбоор: Кесиптик билим берүү жана Борбордук Азияда окуу. Максаты: окутуу ыкмасын модернизациялоо, технологияны берүү жана жеке менчик секторлор менен кызматташуу. Долбоордун өнөктөштөрү: Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан. Долбоордун мөөнөтү: 2010-2018-жылдары ( 9 жыл). Жыйынтыктуу максаты: Эл аралык билим берүү программасы боюнча «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы” багытын аккредитациялоо, долбоордун алкагында окуу пландарын иштеп чыгуу жана жаӊы окутуу ыкмаларын өздөштүрүү боюнча көптөгөн семинарлар өттү.  5 млн. 468 миң сомдук грант лабораториялык жана офистик жабдууларга жумшалды.

Карлсруэ (Германия) университетинин аспирантурасында  «Химия жана химия технологиялары» кафедрасынын аспиранты Рустам кызы Чолпон  Ислам банкынын аспирантурада окууну жогорулатуу гранты (25 миӊ $боюнча окуп жатат.

Эл аралык билим берүү программаларына катышууга, стажировкадан өтүүгө (2011-2014-жылдары үчүн) – 122 адам кабыл алынды, анын ичинен 21 адам – алыскы чет өлкөдө, 60 адам – КМШда (3.13.1. табл.)

  1. “ENILIA-ENSMIC” ( Surgeres ш., Bressure, Франция) Тренинг-Борборунда жана SFPPALes Sicaudieres (Брюссиер ш.) Окуу-практикалык борборунда “Технолог” ОПБнын келечектеги кызматкерлери Коджегулова Д.А., Кожобекова К.К., Джамакеева А.Ж., Мамбетова А.Ш., Конкубаева Н.У. практикалык семинарлар стажировкасынан өтүштү. ( 2012-ж.)
  2. Хохенхейм (Германия) университетинин магистратурасында ТППП кафедрасынын бүтүрүүчүсү Гуцал В. “Casia Ezasmus Manduz” программасы боюнча билим алуусун улантууда ( 2012-ж.)
  3. Амалбек кызы Саламат – Вагенинген (Нидерланды) университетинде бир жылдык (2011-ж.) стажировкадан өттү.
  4. Берлин техникалык университетинде (Германия) “МАПП” кафедрасынын доценти, т.и.к. Усупкожоева А.А. (2011-2015-ж.) илимий стажировкадан өттү.
  5. «Борбордук Азиядагы кесиптик билим берүү — І» GIZ Эл аралык долбоорунун семинарынан – Райимкулова Ч.О., Мусульманова М.М. жана ТППП кафедрасынын окутуучулары стажировкадан өтүштү. Отчеттук мезгил аралыгында стажировкалардын жалпы саны 25тен жогору болду.

 

 

Технология факультетинин деканы

Джунушалиева Тамара Шаршенкуловна (2006-2017-ж.)

Джунушалиева Т.Ш. , 1948-жылы туулган. ФПИ — И.Раззаков   атындагы КМТУнин технология факультетин  1971-жылы бүтүргөн, ошол мезгилден бери окуу жайда  эмгектенип келет.

Профессионалдык өсүү этаптары: 1992-жылдан 2009-жылга чейин хозтеманын инженери, лаборант, улук лаборант, аспирант, стажер-изилдөөчү, окутуучу, улук окутуучу, доцент, химия кафедрасынын башчысы, профессор.

2000-жылдан – азыркы учурга чейин технология факультетинин деканы.

ФПИнин технология факультетинин  1- бүтүрүүчүсү – илимдин доктору.

1981 жылы Кандидаттык диссертациясын Д.И.Менделеев атындагы Москва химиялык-технологиялар институтунун атайын диссертациялык кеӊешинде ийгиликтүү жактаган,

2001 жылы докторлук ишин – КРнын Улуттук илимдер академиясынын химия жана химиялык технологиялар институтунда жактап.

2003-жылдан баштап химия кафедрасынын профессору болду.

1992-2010-жылдары химия кафедрасын жетектеди. Тамара Шаршенкуловна  жетектеген кафедрасы жогорку потенциалдуу экендиги Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бааланып, химия боюнча окуучулардын шаардык, областтык, республикалык жана Эл аралык Менделеев олимпиадаларын өткөрүү базасы катары тандалып алынды.

Иштелип жаткан  илимий маселе «Минералдык ресурстарды рационалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жана ден соолукту сактоо».  Бул эмгектин алкагында сурманын өндүрүш таштандыларын иштетүү ыкмалары, сурмалуу-коргошун эритмесинен алтынды алып чыгуу, туруктуу алтын кошулган заттардан  тиокарбамиддик экологиялык коопсуздук технологиясы менен алтынды алып чыгуу. Изилдөө КРнын  ББжИ министрлигинин гранты боюнча аткарылды (1997-2011-ж.). «Политех»  биринчи долбоорун иштетүүчүсү жана менеджери,  Эл аралык илимий-техникалык борборунун (ISTC) грантынын жеӊүүчүсү, ал Великобритания, АКШ, Канаданын адистери менен биргеликте ийгиликтүү иш алып барды. КМТУнун жана химия кафедрасынын өнүгүшү үчүн  1,5 млн. сомдон ашык  каражатты МНТЦ грантынын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен алып келди.

137 эл аралык жана республикалык деӊгээлдеги усулдук эмгектердин, илимий публикациялардын автору, алардын катарында үч монография, сурмаларды, алтындарды бөлүп чыгуу боюнча патенттер жана КРнын Билим берүү министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери бар.

Химия-технологиялык илимий-изилдөө институтунун химиялык технологиялар бөлүмүнүн изилдөө иштерин 14 жылдан бери жетектеп келет.

Кандидаттык диссертациясын жактаган 2 аспиранттын, 2 изилдөөчү студенттердин илимий жетекчиси.

КРнын УИАнын алдындагы химия жана химиялык технология институтунун, И.Раззаков атындагы КМТУнун, Ж.Баласагын атындагы КУУнун, КРнын ББжИМ  ведомстволор аралык  диссертациялык кеӊешинин төрайымы Д.02.15.506. (2015-ж.), окумуштуу катчы (2002-2004-ж.), КРнын УИАнын алдындагы химия жана химиялык технология институтунун ведомстволор аралык   диссертациялык кеӊешинин мүчөсү (2004-2011-ж.), КРнын Инженердик академиясынын корреспондент-мүчөсү.

Бүткүл дүйнөлүк банкынын долбоору боюнча И.Раззаков атындагы КМТУнун базасында ачылган «Технолог» Окуу-практикалык борборунун ачылышы үчүн активдүү иш-аракеттерди жүргүздү  (2011-2013-ж.).

Окутуу иш чаралары: 1992-2018 жылдарда төмөнкү сабактарды өткөрөт:

  1. Химия
  2. Органикалык эмес химия
  3. Физикалык жана коллоидик химия

Т.Ш.Джунушалиева ФПИ-КМТУ-де эмгектенген убагында көптөгөн сыйлыктарга татыктуу болгон:

2009-жылы Т.Ш.Джунушалиевага «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиӊирген ишмер» деген ардактуу наам берилди, КРнын Ардак Грамотасы менен сыйланды;

2004-жылы «КРнын билим берүүсүнүн отличниги» деген белги берилди;

1995-жылы Билим берүү министрлигинин Ардак Грамотасы менен сыйланды;

1995-ж., 1998-ж., 1999-ж., Кыргызстан Профсоюзунун федерациясынын Президиумунун кеӊешинин Ардак Грамоталары менен сыйланды;

2002-ж.,  «КМТУга өзгөчө салым кошкондугу үчүн» төш белгиси менен 1994-ж., ФПИ-КМТУнун Ардак Грамоталары менен сыйланды;

(1995, 1998, 1999, 2003, 2004), Кыргыз ССРнын МВ жана ССОнун дипломдору;

1984ж, 1985ж, Россиянын химиялык билим берүү Ассоциациясынын диплому,

2004-жылы Denver Mining Club LTD (USA) диплому менен сыйланган.

Технология факультетинин «Химия жана химиялык технология» кафедрасынын профессору

Баткибекова Минира Баткибековна

            Баткибекова М.Б. 1940ж. туулган. Болгариянын Пловдив шаарындагы тамак-аш өнөр жайынын Жогорку институтун 1962ж. бүтүргөн. 1962 жылдан баштап ушул мезгилге чейин ФПИ – И.Раззаков атындагы КМТУнин технологиялык факультетинде эмгектенип келет.

Профессионалдык өсүү этаптары: ассистент, Москвалык тамак-аш өнөр-жай институтунун аспиранты, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, химия жана химиялык технология кафедрасынын профессору.

1967 жылы кандидаттык диссертациясын жактап (Москва ш.), 1990 жылы Д.И.Менделеев атындагы Москвалык химиялык технология институтунда докторлук диссертациясын жактаган.

1971 жылдан 1997 жылга чейин ФПИ – КМТУда кафедра башчысы, декан, билим берүүнүн биринчи баскычынын проректору болуп эмгектенди.

1997 жылдан азыркы убакытка чейин КМТУнун Илимий изилдөөчү химиялык технологиялык (ИИХТ) институтунун директору. М.Б.Баткибекова химия сабагы боюнча райондук, областтык жана Республикалык мектеп окуучуларынын олимпиадаларынын өнүктүрүүсүнө зор салым киргизди. 20 жылдан ашык  олимпиадалардын жюрисинин төрайымы болду. Эл аралык олимпиадаларга катышуучу командаларды башкарып, көп жетишкендиктерге ээ болду. Кыргызстандын командалары ар кайсы жылдарда күмүш, коло медалдарга татыктуу болду.

Иштелип жаткан илимий маселе «Минералдык ресурстарды рационалдуу пайдалануу,айлана-чөйрөнү жана ден соолукту сактоо». Бул эмгектин алкагында сурманын өндүрүш таштандыларын иштетүү ыкмалары, сурмалуу-коргошун эритмесинен алтынды алып чыгуу, туруктуу алтын кошулган, заттардан тиокарбамиддик экологиялык коопсуздук технологиясы менен алтынды алып чыгуу.

Изилдөө КРнын ББжИ министрлигинин гранты боюнча аткарылды (1997-2011-ж.).

“Политех” биринчи долбоорун иштетүүчүсү, эл аралык илимий-техникалык борборунун (ISTC) грантынын жеңүүчүсү, ал Великобритания, АКШ, Канаданын адистери менен биргеликте ийгиликтүү иш алып барды. КМТУнун жана химия кафедрасынын өнүгүшү үчүн 1,5 млн сомдон ашык каражатты МНТЦ грантынын жана демөөрчүлөрдүн эсебинен алып келди.

300 дөн ашык эл аралык жана республикалык деңгээлдеги усулдук эмгектердин, илимий публикациялардын автору, алардын катарында монографиялар, патенттер жана КР нын Билим берүү министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери бар.

М.Б.Баткибекованын илимий жетекчилигинин астында 2 докторлук, 10 кандидаттык диссертация жакталган.

Окутуу иш чаралары: 1962-2018 жылдарда төмөнкү сабактарды өткөрүп берет:

  1. Химия
  2. Органикалык эмес химия
  3. Химиялык заттардын түзүлүшү
  4. Кванттык химия
  5. Эритмелердин термохимиясы
  6. Органикалык химия

М.Б.Баткибекова ФПИ-КМТУ-де эмгектенген убагында көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.

1974ж. М.Б.Баткибековага “КР-нын билим берүүсүнүн отличниги”;

1995ж. – “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” деген наам ыйгарылды;

1970, 1986ж. СССР-дин Жогорку Кеңешинин президиумунун медалдары менен сыйланган;

1999ж. Кыргыз Республикасынын “Данк” медалы менен сыйланган;

1970, 1972, 1980, 1984, 1987, 1995 жылдары Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин президиумунун Ардак Грамоталары менен сыйланган;

2012 жылы ВОИС-тин Алтын медалына татыктуу болгон.

 

Технология факультетинин «Химия жана химиялык технология” кафедрасынын профессору

Борбиева Дамира Балтабаевна

            Борбиева Д.Б. 1940 жылы туулган. ФПИ – И.Раззаков атындагы КМТУ нин технология факультетин 1963 жылы бүтүргөн.

1983 жылга чейин Кыргыз ССР нын Илимий академиясынын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда эмгектенген.

1971 жылы кандидаттык диссертацияны Кыргыз ССР-нин Илимий Академиясынын диссертациялык кенешинде жактаган.

1983 жылдан баштап технология факультетинин Химия жана химиялык технология кафедрасында эмгектенет.

Профессионалдык өсүү этаптары: улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы (2012 жылдан азыркы учурга чейин).

Борбиева Д.Б. жетектеген кафедра окуу, окуу — усулдук, илимий жана тарбиялоо иштеринде жетишкен ийгиликтери үчүн 2013-2014 окуу жылы II даражадагы Диплом, 2015-16, 2016-2017 окуу жылдарында I даражадагы Диплом менен сыйланган. Химия кафедрасын  Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын химия боюнча Шаардык, Областтык жана Республикалык олимпиадаларын өткөрүүгө база катары тандап алган. Олимпиадалар 20 жылдан ашык өткөрүлдү.

Иштелип жаткан илимий маселе — “Минералдык ресурстарды рационалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү жана ден соолукту сактоо”. Бул эмгектин алкагында алтын кармаган күкүрттүү, жездүү кендерден тиокарбамиддик экологиялык коопсуздук технологиясы менен алтынды алып чыгуу. Изилдөө КР-нын ББжИ министрлигинин  гранты боюнча аткарылды (1997-2011 ж.). Бул көйгөйгө иче турган табигый сууларды тазалоо ыкмаларын иштеп чыгуу маселеси да кирет.

Борбиева Д.Б. студенттик илимий иштерине чон көнүл бурат. Анын жетекчилиги астында студенттер илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, илимий практикалык-  конференцияларга катышып, макалаларды жарыкка чыгарат.

Борбиева Д.Б. 80-ден ашык эл-аралык жана республикалык денгээлдеги усулдук эмгектерди, илимий макалалардын автору, алардын арасында 1 монография, патент жана КР нын ББжИ министрлигинин грифи менен орус жана кыргыз тилинде чыккан окуу китептери.

Окутуу иш чаралары Борбиева Д.Б. 1983-2018 жылдардан бери төмөнкү сабактарды өткөрүп берет:

  1. Химия
  2. Органикалык эмес химия
  3. Комплекстик бирикмелеринин химиясы
  4. Органикалык химия

Борбиева Д.Б. ФПИ-КМТУ-те иштеген убакытта төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:

1985 жылы – медаль “Ветеран труда”;

1995 жылы – “КР – нын билим берүүсүнүн отличниги” деген белги;

1999 — 2004 ж. – Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Грамоталары, КМТУ-нин Ардак Грамоталары,

2004 жылы – Профсосюздардын Республикалык комитетинин Ардак Грамотасы;

2012 жылы – КМТУ-нин профессору деген наам берилген.

2014 жылы – КМТУ –нин юбилейдик медалы.

Тамабаева Бибикуль Сулеевна

т.и.к., профессор, КР ИА корреспендент-мүчөсү, Эл Агартуунун Отличниги

1947-жылы туулган,  1970-жылы “Эт жана эт азыктарынын технологиясы” багыты боюнча Фрунзе Политехникалык Институтун артыкчылык менен аяктаган. Институтту аяктаган соң кафедрада калып, Москвалык эт жана сүт өнөр жай технологиялык институтуна такшалмага жиберилген. 1974-жылы аспирантурадагы окуусун ийгиликтүү аяктап, техникалык илимдеринин кандидатынын изилдөөчүлүгүнө диссертациясын жактап, ушул эле жылы техника илимдеринин кандидаты дипломун алган. 1974-жылдан баштап окутуучу, улуу окутуучу, 1980-жылдан баштап “Эт жана сүт азыктарынын “ кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан 1992-жылга чейин доцент, 1992-жылдан баштап 1996-жылга чейин ЭжСАТ кафедрасынын башчысы, 1994-жылы Кыргыз Республикасынын Инжерендик Академиясынын корреспондент-мүчөсү наамын алган, 1996-жылдан 2001-жылга чейин Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы кафедрасынын башчысы,  2009-жылдан баштап 2011-жылга чейин КТАТ кафедрасынын башчысы.

Тамабаева Б.С. 200дөн ашык эмгектерди жазган, анын ичинен 3 монография, 13 автордук күбөлүктөр жана патенттер алынган, жаңы азыктарга 8 стандарт иштелип чыккан, 9 окуу китебинин жана окуу куралынын автору.

Тамабаева Б.С. зор уюштургуч иштерди алып барат. “Эт жана сүт азыктарынын технологиясы”, “Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы” жана “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” кафедраларынын илимий жана окуу базасынын өнүгүшүнө көп эмгек сиңирген.

Бийик даражадагы лектор, лекцияларды, практикалык жана лабораториялык сабактарды жогорку деңгээлде алып барат. Анын эмгеги университетте “Мыкты лектор”, “Мыкты методист” наамдары менен белгиленген.       Университеттин жана факультеттин деңгээлинде зор усулдук иштерди алып барат. Технологялык факультеттин усулдук советинин, сырттан окутуу институтунун жетекчиси болгон жана КР ББжИМ “Керектөөчүлүк товарлардын азык-түлүктөрдүн технологиясы” окуу-усулдук бирикмеси секциясынын мүчөсү.

И. Раззаков атындагы КМТУде иштеген убакытта көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Алар:

  1. Эл Агартуунун Отличниги
  2. КРнын Билим Беруу жана Илим Министрлиги – Ардак Грамотасы
  3. Кыргызпатенттин – Ардак Грамотасы
  4. КР профсоюздук Федерациянын Советинин – Ардак Грамотасы
  5. И. Раззаков атындагы КМТУ өзгөчө эмгекги үчүн төш белги
  6. И. Раззаков атындагы КМТУ – Ардак Грамотасы

 

 

Технология факультетинин «Тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы» кафедрасынын профессору 

Мусульманова Мукарама Мухамедовна         

Жогорку – 1974 — ж. Фрунзе политехникалык институтунун технологиялык  факультетин аяктаган. 1980 – ж. кандидаттык диссертацияны жактаган. 2006 – ж. доктордук диссертацияны  жактаган. Илимий даражасы – профессор. Кыргыз Республикасынын Инженердик  академиясынын  мүчө-корреспонденти.

1974-1975 — ж. Фрунзе политехникалык институтунун эт жана сүт азыктарынын технологиясы кафедрасында улук  лаборант, 1975 — 1987 — ж. улук  инженер, кенже илимий кызматкер, Кыргыз ССРинин илимдер Академиясынын органикалык химия Институтунда  илимий кызматкер,  1987 — ж. азыркы мезгилге чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тамак-аш азыктарын өндүрүүнүн технологиясы кафедрасында — окутуучу, улук  окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы; И. Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы НИХТИнин тамак-аш технологиясы бөлүмүндө  башкы илимий кызматкер.

1989 ж. Москва  тамак-аш өнөр жай технологиялык институтунда  квалификацияны жогорулатуу факультети. 2013 – ж. Швед айыл-чарба  илиминин университетинде эки айлык стажировка (Швеция, Уппсала ш.). 2016 – ж.  декабрь   микробиология  боюнча бир жумалык тренинг Beuth Hochschule fuer Technik Berlin (Германия, Берлин ш.).

Сүт өндүрүшү үчүн инженер-технологдорду даярдоодо курстун негизги  дисциплиналарын окутат: сүт чийки заттарын кайра иштетүүнүн илимий негизи, нак сүт азыктарынын технологиясы,  тамак-аш химиясы, тамак-аш микробиологиясы, азыктарды иштеп чыгүү, илимий изилдөөнүн негизи, Advanced technology of dairy products ж.б. Студенттердин илимий-изилдөө иштерин, курстук жана дипломдук проекттерди жана иштерди, бүтүрүүчү жумуштарды, магистрдик  диссертацияларды жетектейт. Студенттерге жардам катары  35 окуу-усулдук жумуштар басылып чыккан.

«Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү   ресурстарды рационалдуу колдонуу жана курчап турган чөйрөнү жана ден-соолукту коргоо» көйгөйүнүн үстүндө эмгектенет. Илимдин төрт кандидаты даярдалган, аспиранттардын жана кандидаттык жана    доктордук илимий даражасынын изденүүчүлөрдүн илимий жетекчиси. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча 180 ден ашык  статьялар жарыяланган, республикалык жана эл аралык  конференциялардын материалдары, симпозиумдардагы жана конференциялардагы тезистер, докладдар; алардын ичинен  8 монография, 22 патент жана СССРдин ойлоп табууга берилген автордук күбөлүгү.СССРдин  ВДНХсынын  коло медалы, төш белги  «Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы.

 

Технология факультетинин

 «Консервалоо технологиясы» кафедрасынын профессору Кожобекова К. К.

1969-жылы Фрунзе политехникалык институтунун технологиялык факультетин аяктаган. 1977 ж. «Pseudomonas бактериялар менен гексон кислоталардын 2кето-гексон кислоталарга микробиологиялык кычкылдандыруу процессин изилдөө» темасы боюнча кандидаттык диссертациясын жактаган. Илимий даражасы доцент, КМТУ профессору.

1969-1971 ж. Фрунзе политехникалык институтунун эт жана сут азыктарынын технология кафедрасынада улук лаборанты, 1972-1973 ж. Москва тамак-аш  өнөр жайынын технологиясы институттун стажер-  изилдөөгүчү, 1973-1976 ж.ж. ошол эле институттун аспиранты.

Квалификация жогорулатуу:

1992 ж. Ѳздүк дициплинаны окутуу боюнча төрт айлык курстан өткөн(Москва);

2002 ж. «Хельветас» Швецария фирманын долбоору менен биргеликте иш жүргүзгөн;

2012 ж. Агробизнес жана маркетинг эл-аралык долбоору боюнча (Франция , ENILIA-ENSMIS)  бир жумалык семинарга катышкан;

2013 ж. Кредиттик технологиянын негизинде аралык билим берүү системаны уюштуруу жана ишке ашыруу программасы боюнча толук курстан өттү;

2014-2016 ж.ж. Тамак-аш өндүрүштүн ишкерлерине Тамак азыктарынын коопсуздугу боюнча тренинг өткөзгөн.

Технология факультетинде тамак-аш өндүрүшүнө технологдорду даярдоо боюнча Тамак азыктардын Микробиологиясы, Тамак азыктардын эпидемиологиясы, Биотехнологиянын негиздери боюнча курстарды окутат. Студенттин ийгиликке жетиши үчүн шарттарды түзүү менен бирге окуу уюштуруу жана усулдук иштер менен жигердүү алектенет. 3 СССРдин ойлоп табууга берилген автордук күбөлүгү бар.

И.Раззаков атныдагы КМТУде иштеген убакта көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Алар:

  1. И.Раззаков атындагы КМТУ – Ардак Грамотасы
  2. КРнын Билим Беруу жана Илим Министрлиги — Ардак Грамотасы
  3. Эл Агартуунун Отличниги
  4. И.Раззаков атындагы КМТУ – юбилейдик медаль.

Коджегулова Дарья Абласановна

т.и.к., доцент, Эл Агартуунун отличниги

1958-жылы туулган, жогорку билимдүү, 1981-жылы «Эт жана эт азыктарынын технологиясы» адистиги боюнча Фрунзе политехникалык институтун аяктаган. Илимий -окутуу тажрыйбасы — 14 жыл, анын ичинде окутуу тажрыйбасы — 14 жыл.

2008– жылы Алматы технологиялык университетинде кандидаттык ишти жактаган. Темасы: Улуттук суусундуктарды даярдоо технологиясын жакшыртуу.

Коджегулова Дарья Абласановна И.Раззаков атындагы КМТУда 2004 — жылдан баштап иштөөдө. 2004-2008 жылдары «Электроника» кафедрасынын улук окутуучусу, 2009- жылдан баштап  азыркы убакта «Концервалоо технологиясы» кафедрасынын доценти, 2013-жылдан баштап азыркы убакта И.Раззаков атындагы КМТУнун алдындагы «Технолог» ОПБ директору болуп иштөөдө.

И.Раззаков атныдагы КМТУде иштеген убакта көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Алар:

  1. Эл Агартуунун Отличниги
  2. КРнын Билим Беруу жана Илим Министрлиги — Ардак Грамотасы
  3. И.Раззаков атындагы КМТУ – Ардак Грамотасы
  4. И.Раззаков атындагы КМТУ — Окуу алдында өзгөчө эмгеги үчүн тош белгиси
  5. И.Раззаков атындагы КМТУ – Ыраазычылык Кат

Дарья Абласановна  «Общая технология пищевых продуктов», «Организация и технология пищевых продуктов», «Система менеджмента безопасности пищевой продукции», «Основы технического регулирования» сабактары боюнча лекциялык, лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрөт.  Дарья Абласановна  сабагынын мазмунун, окутуу методун жакшы билүү менен сабакты өтүүдө  жаңы технологияларды эркин колдонуп келет. Дарья Абласановна  мугалимге зарыл болгон баардык сапаттарга ээ: өзүнө жана студенттерге талап кое билүү, студенттер менен байланышууну билүү, өзүн-өзү жакшыртуу боюнча иштөөдө.

Коджегулова Д. А. сабакты өткөрүүдө көрүнгөндөй жогорку усулдук даражага ээ. Студенттердин жетишкендиктерин жана билим деңгээлин текшерүү системасын колдонуп, ар бир студенттин ийгиликке жетиши үчүн шарттарды түзүп берет.  Бул система күчтүү жана бекем билимдин негизин түзөт.

Дарья Абласановна  жетекчилиги астында жыл сайын студенттер жаш окумуштуулардын илимий — изилдөө конференцияларына катышып,  көпчүлүк сыйлыктарга ээ болушат.

Коджегулова Д. А. окуу уюштуруу жана усулдук иштер менен жигердүү алектенет. Факултеттин Окумуштуулар кеңешинин мүчөсү болуп саналат. Технология факультетинин жамаатында татыктуу урмат-сыйга ээ.

 

 

Технология факультетинин “Консервалоо жана тамак-аш концентраттар технологиясы” кафедрасынын т.и.к. доцентти

Элеманова Римма Шукуровна (2000-2017-ж.)

1976 жылы туулган, жогорку билимдүү, 1999-жылы «Консервалардын жана тамак-аш концентраттарынын технологиясы» адистиги боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин технологиялык факультетин аяктаган. Илимий -окутуу тажрыйбасы — 18 жыл, анын ичинде окутуу тажрыйбасы — 12 жыл.

И.Раззаков атындагы КМТУнун аспирантурасын бүтүрүп, 2014-жылы И.Раззаков атындагы КМТУ алдындагы химиялык-технологиялык илим-изилдөө институтунун атайын диссертациялык кеңешинде кандидаттык диссертациясын жактаган. Темасы: Дан эгиндери менен айкалыштырылган ферменттелген сүт сары суу ичимдиктеринин технологиясын иштеп чыгуу.

Элеманова Римма Шүкүровна И. Раззаков атындагы КМТУда 2000-жылдан баштап иштөөдө. 2000-2001 жылдары химия кафедрасынын улук лаборанты. 2001-2005 жылдары окуу чебери, 2005-2006 жылдары лабораториялар башчысы, 2006-2007 жылдары окутуучу, 2007-2015 жылдары улук окутуучу,  2015-жылдан баштап азыркы учурда консервалоо технологиясы жана химия кафедраларында доценттик кызматта иш алып барат. 2017-жылдын сентябрь айынан баштап консервалоо технология кафедрасынын башчысынын милдетин аткарат.

И. Раззаков атындагы КМТУда иштеген убакта төмөнкү сыйлыктарга ээ болгон:

  1. И.Раззаков атындагы КМТУнун Ардак грамотасы (2008-ж, 2010-ж.)
  2. КР Билим Берүү жана Илим Министирлигинин Ардак грамотасы (2014-ж.)
  3. И.Раззаков атындагы КМТУнун жылдын эң алдыңкы ага окутуучусу диплому (2014-ж.)
  4. Эл аралык “Акыл Тирек” конкурсунун дипломанты (2015-ж.)
  5. Эл аралык “Акыл Тирек” конкурсунун номинанты (2017-ж.)

Римма ​​ Шүкүровна «Тамак-аш химиясы», «Муздатуу технологиясы», «Сапаттын системи» ж.б. сабактары боюнча лекциялык, лабораториялык жана практикалык сабактарды өткөрөт.  Сабагынын мазмунун, окутуу методун жакшы билүү менен сабакты өтүүдө  жаңы технологияларды эркин колдонуп келет.

Элеманова Р.Ш. изилдөө иштерин да жүргүзөт, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы химиялык-технологиялык илим-изилдөө институтунун тамак-аш бөлүмүндө кенже илимий кызматкери болуп эмгектенген. “Тамак-аш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, айлана чөйрөнү жана ден-соолукту коргоо” илимий проблема алкагында угутту өндүрүү жана жаңы сары суу ичимдигинин технологиялары иштелип чыккан. Изилдөөлөр КР Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан грант түрүндө каржыланган (Мам.каттоо №0001412).

Изилдөөлөрдүн натыйжалары боюнча 11 макала Кыргызстандын  жана Казакстандын рецензиялануучу илимий журналдарында, 2 макала алыскы чет өлкөдө жарык көргөн, жети докладдын материалдары эл аралык конференцияларда жана симпозиумдарда баямандалган, ойлоп табууга Кыргыз Республикасынын 2 патенти алынган. Автор оптималдуу амилолитикалык активдүүлүктөгү буудай угутунун технологиясын; буудай угутун жана дрожждордун таза культурасынан жана лактобактериялардан жасалган комбинирленген ачыткы  колодонуп ферменттелип алынган сары суу “Бозодой” ичимдиктеринин технологиясын иштеп чыккан.

Сунушталган технологияларды оң натыйжалуу эффектиси болгон өндүрүш апробациясын “Шоро” ЖАК өткөргөн. Продукциянын өндүрүшү ЖИ Б.З.Зарлыков тарабынан ишке ашырылып келет. Азыркы убакта сары суу көбүн эсе канализацияга төгүлөт, демек сары суу негизинде иштелип чыккан азыктарды өндүрүшкө киргизүү, кандайдыр бир деңгээлде айлана чөйрөнү коргоого жардам берет. Ошондой эле экономикалык жактан социалдык эффект болот, ал калктын ден-соолугун тамак-аш жана биологиялык баалуулугу жогору азыктар аркылуу оңдоо. Ишке ак ниет мамилеси жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жолу алкыш жарыяланган.

КР мектеп окуучуларынын химия сабагы боюнча командасынын Менделеевдик (Армения, 2015-ж.) жана Эл аралык олимпиадаларында (Азербайджан, 2015-ж.) жетекчиси болгон, мында команда коло медалга ээ болушкан. Кыргызстандын командасын ийгиликтүү даярдаганы үчүн уюштуруу комитети жана жюри тарабынан ыраазычылык билдирилген.

Иманкулова Айым Сатаровна

т. и. д., профессор, Эл Агартуучу Отличниги

1952-жылы 6 январда туулган, улуту кыргыз, 1974 — жылы С.М. Киров атындагы Ленинградтагы текстиль жана жеңил – өнөр жай институтун (азыркы кездеги Санкт – Петербург технология жана дизайн Университетин) артыкчылык диплому менен аяктаган. 1974 – 1978 жылдары ошол эле Ленинградтагы текстиль жана жеңил өнөржай институтунда күндүзгү аспирантурасын бүтүрүп кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактаган. 1978-жылдан баштап Фрунзедеги Политехникалык инстутунда иштеп келе жатат.

Эмгек стажы 44 жыл.

1989-жылдан баштап «Жеңил өнөр жай буюндарынын технология» кафедрасы ачылгандан бери, иштеп келет.

Иманкулова А.С. кафедрада иштеген убактан бери «Кийим тигүү технологиясы», «Кийим тигүү конструкциясы», «Кездеме жана трикотаж технологиясы», «Булгаары буюмдарынын технологиясы жана конструкциясы», «Жеңил өнөр жай жана текстиль буюмдарынын көркөмдүк долборлоо» беш кесип боюнча окуу лабораториялар, бардыгы болуп 16 лаборатория түзүлгөн.

Иманкулова А.С. 1995-жылы Кыргыз архитектура – курулуш инстутунда (КАКИ) «буюмдарды көркөмдөп долборлоо» кафедрасын негиздеген.

1992-жылдан бери КР Инженердик Академиясынын «Жеңил жана тамак – аш өнөр жай технология» секциясынын  башчысы  жана 2004 жылдан баштап КР Инженердик Академиясынын Академиги.

2000-жылы Иманкулова А.С. КМТУнун алдындагы орто кесиптик билим берү бөлүгүн ачкан  (азыркы  И. Раззаков а. КМТУнун политехникалык колледжи), бул колледж орто билимдүү кесиптеги студенттерди ийгиликтүү дайындап жатат.

1999-жылы Айым Сатаровна КТУнун алдында – «Восток-мир» деген ат менен текстиль жана жеңил өнөр жай буюмдарынын Окуу – илимий техникалык борбор унуюштурган, ал жерде жеңил өнөр жай боюнча актуалдык өтө маанилүү проблемалар камтылган, 4 – багыт боюнча илимий иштер жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө Иманкулова А.С. аспиранттардын, илимий издешүүчүлөрдүн башчысы жана илимий устаты. Республикада жеңил өнөр жай тармагында илим күчтөрүнүн топтошуна абдан зор көңүл буруп таасир этет.

2006-жылы «Полимер жана композиттерди кайра иштетүү жана технология» адистиги боюнча доктордук диссертациясын жактаган.

Иманкулова А.С. 141 илимий, 36 методикалык эмгек жана окуу-методикалык пособияларды, монографияны жарыялаган.

Илимий – педогогиялык кадрларды даярдоо ишин алып барат.

Иманкулова А.С. жетекчилигинин алдында — 2 кандидаттык диссертация жакталган, 5 илимий издешүүчүлөр кандидаттык диссертациянын үстүндө иштеп жатышат.

Иманкулова А.С. – «ЖӨЖБТ» кафедрасынын негиздөчүсү, жогорку тажрыйбалуу педагог жана изилдөчү, жаш кадрлардын чыныгы жетекчиси, жөндөмдү жана компененттүү уюштуручу, камкор жана калыс жетекчи.

Иманкулова А.С. И. Раззаков атындагы КМТУде иштеген убакытта көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. Алар:

  1. И.Раззаков а. КМТУнун Ардак  Грамотасы
  2. Кыргыз Республикасынын  элдик билим берүү Министрилигин   Ардак Грамотасы
  3. Эл Агартунун Отличниги
  4. Билим берүү профсоюз ишкелеринин Республика Комитетинин Ардак Грамотасы
  5. «И.Раззаков а. КМТУнун алдында өзгөчө сиңирген эмгегине» юбилейдик медаль менен сыйланган
  6. Кыргыз Республикасынын билим жана техника тармагында  2010 жылы «Технология, жабдуулар жана электр эрүтүсү менен базальт булаларын өндүрүсү жана анын негизиндеги буюмдары» ишине Мамлекеттик премиясынын Лауреаты болгон
  7. Илим жана техника тармагында чоң жетишкендигине КР Ардак Грамотасы менен сыйланган.