• 9 май 2019 Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!

    Бүгүн Улуу Жениш күнүнө 74 жыл толду. Улуу Женишке баа жеткис салымын кошкон согуштун катышуучуларына таазим этчү улуу майрам. Урматтуу, ...

  • 8 май 2019 Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт!

    2019-жылдын 8-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатты И.Раззаков атындагы КМТУнун ...

  • 3 май 2019 «Казан мангал» Евразиялык кулинардык фестивалы

    2019-жылдын 2-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Казан мангал» аталышындагы  III Евразиялык кулинардык фестивалы болуп ѳттү. Фестивалдын ...

  • 2 май 2019 КУТТУКТОО

    2019-жылдын 1-майында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналган, жеңил атлетика боюнча «Политех-65» жарышында  КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучуларын, ...

  • «Этуаль»

    Салон красоты «Этуаль». Изысканный дизайн, тёплая и уютная атмосфера, высочайший профессионализм и радушие персонала радуют своих посетителей вот уже 15 ...

  • Alexandra.kg

    www. Alexandra.kgТ: 89-99-42© Alexandra Кыргызстан, г. Бишкек, городок Строителей 9.shop@alexandra.kg ...

  • DILBAR

    Дом моды DILBAR носит имя владелицы, ведущего дизайнера и креативного директора Дома – Дильбар Ашимбаевой. DILBAR — линия дизайнерской, преимущественно ...

  • «Северэлектро»

    Открытое акционерное общество «Северэлектро» было образовано 01.07.01 в результате реорганизации АО «Кыргызэнерго». Распредкомпания «Северэлектро» — ведущая энергоснабжающая организация Кыргызской Республики. ...

Жаннылыктар
  • 9 май 2019 Эч ким,эч нерсе,эч качан унутулбайт!

    Бүгүн Улуу Жениш күнүнө 74 жыл толду. Улуу Женишке баа жеткис салымын кошкон согуштун катышуучуларына таазим этчү улуу майрам. Урматтуу, ...

  • 8 май 2019 Улуу Жеңиштин даңкы өчпөйт!

    2019-жылдын 8-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатты И.Раззаков атындагы КМТУнун ...

  • 3 май 2019 «Казан мангал» Евразиялык кулинардык фестивалы

    2019-жылдын 2-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Казан мангал» аталышындагы  III Евразиялык кулинардык фестивалы болуп ѳттү. Фестивалдын ...

  • 2 май 2019 КУТТУКТОО

    2019-жылдын 1-майында И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналган, жеңил атлетика боюнча «Политех-65» жарышында  КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучуларын, ...

  • 23 апр 2019 “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча биринчи шаардык ...

    2019-жылдын 20-апрелинде И.Раззаков атындагы  КМТУнун Политехникалык колледжинде “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча өткөрүлгөн биринчи шаардык предметтик Олимпиаданын жыйынтыгы төмөндөгүдөй: “Эн ...

  • 22 апр 2019 “ Бишкек шаарындагы техникалык багыттар боюнча колледждер арасындагы ...

    2019-жылдын 20-апрелинде легендарлуу Политехте “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча Бишкек шаарынын  техникалык багыттар боюнча колледждердин  студенттеринин арасындагы   биринчи жолку шаардык  ...

  • 19 апр 2019 Өзгөчө кырдаалдарда коргоону

    «БИЛИМ ДЕКАДАСЫНЫН» алкагында өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, өчгөчө кырдаалдарда чара көрүү жана анын кесепетин жоюу боюнча «Өзгөчө кырдаалдарда коргоо» кесибинин ...

  • 6 июн 2018 БИЛИМ ДЕКАДАСЫ-2018

    И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин Өнүгүү стратегиясына ылайык 2020-жылга чейинки аралыкта кесиптик билим берүүнүн сапатын балоо системасын киргизүү ишмердиктин маанилүү ...

  • 18 апр 2018 Гости из Государства Катар

    18 апреля 2018 года КГТУ им. И.Раззакова посетили с визитом гости из Государства Катар, во главе с директором Департамента по ...

  • 17 мар 2018 БОЛЕЕМ ЗА НАШИХ!

    БОЛЕЕМ ЗА НАШИХ! 17 марта 2018 года на стадионе «Динамо» КГТУ им. И.Раззакова, прошел турнир по мини-футболу, среди преподавателей структурных ...

Сүрөт
Өнөктөштөр
  • «Этуаль»

    Салон красоты «Этуаль». Изысканный дизайн, тёплая и уютная атмосфера, высочайший профессионализм и радушие персонала радуют своих посетителей вот уже 15 ...

  • Alexandra.kg

    www. Alexandra.kgТ: 89-99-42© Alexandra Кыргызстан, г. Бишкек, городок Строителей 9.shop@alexandra.kg ...

  • DILBAR

    Дом моды DILBAR носит имя владелицы, ведущего дизайнера и креативного директора Дома – Дильбар Ашимбаевой. DILBAR — линия дизайнерской, преимущественно ...

  • «Северэлектро»

    Открытое акционерное общество «Северэлектро» было образовано 01.07.01 в результате реорганизации АО «Кыргызэнерго». Распредкомпания «Северэлектро» — ведущая энергоснабжающая организация Кыргызской Республики. ...

  • ТРК «Эхо Манаса»

    ТРК «Эхо Манаса»Токтогазиев М.Т.г. Бишкек, ул. Адыгине 64тел: (312) 499079e-mail: exoefir@mail.ru ...

  • Общественная телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики (ОТРК)

    Общественная телерадиовещательная корпорация Кыргызской Республики (ОТРК) (кирг.:Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы) — крупнейшая телерадиовещательная корпорация в Киргизии. Организация объединяет телеканалы ...

  • ОАО КыргызТелеком

    ОАО «КЫРГЫЗТЕЛЕКОМ» это крупнейшая телекоммуникационная компания Кыргызстана, Национальный оператор международной и междугородной связей Количество абонентов: 456 137 Юридический адрес: Кыргызская ...

Адистиктердин бөлүмү
Колледждин тарыхы

Уюмдун аталышы. И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетитин Политехникалык колледжи.

 

Негизделген күнү. 15.06.2000-жыл. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетитин Политехникалык колледжи, мурунку кесиптик орто билим берүү бөлүмү (КОББ) (мындан ары КМТУнун Политехникалык колледжи) КРнын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын, КРнын Президентинин Администрация жетекчисинин 06.06.2000-жылдагы № 18-1168 көрсөтмөсүнүн жана И.Раззаков атындагы КМТУнун 29.07.2000-жылдагы №78 буйругунун, И.Раззаков атындагы КМТУнун Окумуштуулар кеңешинин 2013-ж. 24.04 №1/61-чечиминин  негизинде кесиптик билим берүү бөлүмү И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжи мекемеси болуп кайра түзүлгөн. Колледждин уюштуруучусу болуп И.Раззаков атындагы КМТУ саналат. Колледж КМТУнун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана юридикалык жак катары макамга ээ болот.

2008-жылдын 15-майында орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү укугу жөнүндө күбөлүк алынган.

 

Ишмердик чөйрөсү. Билим берүү ишмердиги төмөнкү кесиптер боюнча колдонуудагы лицензияга ылайык, орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүүнүн кредиттик технологиясынын негизинде ишке ашырылат,  окуу мөөнөттөрү 9-класстын базасында — 2 жыл 10 ай, 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай. Орто кесиптик билим берүү чөйрөсүндө билим берүү укугуна кредиттик технология боюнча 18 кесип боюнча лицензиялар жана тиркемелер бар:

  • 260903 «Тикме буюмдарды моделдештирүү жана конструкциялоо» (ТБМК);
  • 210308 «Радиоэлектрондук техникаларды техникалык тейлөө жана оңдоо» (РТТО);
  • 140212 «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)» (ЭЖ);
  • 190604 «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо» (АУТТО);
  • 190701 «Жүк ташууну уюштуруу жана унааны башкаруу (аба унааларынан башка унааларды түрлөрү боюнча)» (ЖУУБ);
  • 140210 «Гидроэлектроэнергетикалык орнотмолор» (ГЭЭО);
  • 140206 «Электрдик станциялар, тармактар жана системалар» (ЭСТС);
  • 140603 «Электр машиналары жана аппараттары» (ЭМА);
  • 230110 «Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө» (ТЭККТТТ);
  • 260901 «Тигилген буюмдардын технологиясы» (ТБТ);
  • 280105 «Өзгөчө кырдаалда коргонуу» (ӨКК);
  • 150413 «Соодада жана коомдук тамактануудагы жабдууларды техникалык эксплуатациялоо» (СКТЖТЭ);
  • 151001 «Машина куруунун технологиясы» (МКТ);
  • 261203 «Басмакана өндүрүшү» (БӨ);
  • 210402 «Кыймылдуу обьектилери бар байланыш каражаттары» (КОБК);

 

КРнын орто кесиптик билим берүүсүнүн адистиктеринин тизмесине ылайык бүтүрүүчүлөргө төмөнкү классификациялар ыйгарылат: “техник”, “технолог”, “модельер-конструктор”, “техник-электрик”, “техник-механик”.

 

Өлкө экономикасы тажрыйбалуу, жогорку квалификациялуу ортоңку звенодогу кадрларга муктаж болгондуктан, КРнын кесиптик орто билим берүү жана кесиптик жогорку билим берүүсүндөгү “колледж-ЖОЖ” уламдуулугун камсыздоо максатында колледж үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү моделин ишке ашырууда. Колледждин бүтүрүүчүлөрү жогорку окуу жайларында тездетилген программа боюнча билим алуусун уланта алышат. Ушуга байланыштуу окуу процесси модулдук-компетенттүү мамилеге негизделген КР КОББ жаңы мамлекеттик билим берүү системасына ылайык КМТУнун профилдик кафедраларынын окутуучулар менен бирдикте колледж окутуучулары иштеп чыккан программалар боюнча предметтерди терең өздөштүрүүгө багытталган. Ортоңку звенодогу адистерди даярдоо программалары КМТУнун профилдик кафедралары жана жумуш берүүчүлөр менен макулдашылып, бул бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик даярдыгына жана жумуш берүүчүлөрдүн кесипттик-квалфикациялык талаптарына ылайык келүүсүнө жол ачат.

Колледж  юридикалык жак статусу менен И.Раззаков атындагы КМТУнун түзүмдүк бөлүгү болуп саналат; орто кесиптик билим берүү тармагында билим берүү ишмердигин ишке ашырат, турмуш-тиричилик жана кызмат көрсөтүү чөйрөсү үчүн адистерди даярдап чыгарат. Бүгүнкү күндөгү негизги милдети – эмгек базарында атаандаштыкка жөндөмдүү, компетенттүү, жоопкерчиликтүү, өз кесибин жакшы билген жана дайыма кесиптик жактан өсүүгө даяр болгон орто звенодогу жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо болуп саналат.

КМТУнун Политехникалык колледжинин уюштуруучусу болуп И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети эсептелинет. Колледж 2000-жылы Кыргыз техникалык университетинин алдында орто кесиптик билим берүү бөлүмү (КОББ) катары түзүлгөн:

  • 2000-жылы 3 адистик ачылган. Алар: «Радиоэлектрондук техникаларды техникалык тейлөө жана оңдоо» (РТТО), «Тикме буюмдарды конструкторлоо жана технологиясы» (ТБКТ), «Чач тарач чеберчилиги жана жасалма косметика» (ЧЧ). Кадрдык курамында 2 штаттык окутуучу болгон жана бардыгы болуп 11-класстын базасында 45 студент окуган.
  • 2002-жылы алгачкы бүтүрүүчүлөр аякташып, 32 студент адистикке ээ болушкан: «РТТО» адистиги боюнча — 10 киши, «ТБКТ» адистиги боюнча — 12 киши, «ЧЧ» адистиги боюнча — 10 киши аяктаган.
  • 2003-жылы «Аң терилер кийимдерин, баш кийимдерди конструкторлоо жана технологиясы» аттуу жаңы адистик ачылган. Ошол учурда кадрдык курам 11 штаттык окутуучуга жеткен.
  • 2005-жылы билим берүүнүн жаңы стандарттарына ылайык алардын аталыштары «Тикме буюмдарды моделдештирүү жана конструкторлоо», «Чач тарач чеберчилиги», «Аң тери буюмдарын моделдештирүү жана конструкторлоо» деп өзгөргөн. Өз кезегинде жаңы окуу пландары киргизилген.
  • 2010-жылы биринчи жолу орто мектептердин 9-класс базасында кабыл алуу уюштурулган, ошондой эле «Электр менен жабдуу (тармактар боюнча)» жаңы адистиги ачылган.
  • 2013-жылы баштапкы кыскартылган сөз ОКББ азыркы аталышта — И.Раззаков атындагы КМТУнун политехникалык колледжи деп өзгөртүлгөн.
  • 2013-жылы ачылган адистиктер: 190604 «Автомобиль унааларын техникалык тейлөө жана оңдоо» (АУТТО); 190701 «Жүк ташууну уюштуруу жана унааны башкаруу (аба унааларынан башка унааларды түрлөрү боюнча)» (ЖУУБ); 261203 «Басмаканага өндүрүшү» (БӨ); 210402 «Кыймылдуу обьектилери бар байланыш каражаттры» (КОБК); 261203 «Басмаканага өндүрүшү» (БӨ); 210406 «Байланыш тармактары жана коммутация системдери» (БТКС).
  • 2015-жылы дагы 8 адистиктер ачылган: 140210 «Гидроэлектроэнергетикалык орнотмолор» (ГЭЭО);140206 «Электрдик станциялар, тармактар жана системалар» (ЭСТС); 140603 «Электр машиналары жана аппараттары» (ЭМА); 230110 «Техникалык эсептөөчү каражаттарды жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө» (ТЭККТТТ); 260901 «Тигилген буюмдардын технологиясы» (ТБТ); 280105 «Өзгөчө кырдаалда коргонуу» (ӨКК); 150413 «Соодада жана коомдук тамактануудагы жабдууларды техникалык эксплуатациялоо» (СКТЖТЭ); 151001 « Машина куруунун технологиясы» (МКТ);

 

Эмгек рыногунда адистердин зарыл талап кылынышынын жана билим берүү кызматын көрсөтүү багытында атаандаштыктын өсүш өзгөрүүсүнө байланыштуу колледж жаңы адистиктерди ачуу боюнча иштерди кеңейтип жатат. 

 

И. Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин
2000-жылдан 2017-жылга чейинки студентеринин контингенти

Колледжде абитуренттерди кабыл алуунун динамикасы акыркы 5 жылда туруктуу өсүштү далилдеп турат: 2009-жылы – 68; 2010-жылы — 180; 2011-жылы – 210; 2012-жылы — 212; 2013-жылы — 232; 2014-жылы — 483; 2015-жылы – 671;2016-жылы–648; 2017-жылы–672 -абитуриент окууга кабыл алынды. Акыркы жылдардын мүнөздүү өзгөчөлүгү бул – жалпы билим берүү мектептериндеги 9-класстын бүтүрүүчүлөрүн кабыл алуунун көбөйүшү жана абитуренттердин адистиктерди туура тандай билүүсү болуп саналат.

Бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруунун динамикасы көрсөткөндөй, бүтүрүүчүлөрдүн 20 % -30% дан ашыгы окуусун улантуу үчүн жогорку окуу жайларга, жана 60 % тандаган адистиги боюнча ишке орношуп жатышат: 2010-ж. – 70 %, 2011-ж. – 80 %; 2012-ж. – 65 %; 2013-ж. – 83 %; 2014-ж. – 87 %, 2015-ж — 88%, 2016-ж–74%, 2017-ж–82%.

КОББ МББС на ылайык кесиптик орто билим берүү программасынын бир бөлүгү болуп колледждин студенттеринин практикасы эсептелет, студенттердин өзүнүн кесиби боюнча теориялык процессте алган билимдерин, көндүмдөрүн, практикалык тажрыйбаларга ээ болуу үчүн жумушчу программалары, окуу процессинин графиги жана билимди тереңдетүү, бышыктоо максатында академ-календары бекитилген. Ар бир адистик боюнча техниктерди, техник-механиктерди, техник-технологдорду, конструктор-модельерлерди, технологдорду, техник-электриктерди даярдоо үчүн практиканын программасы КОББ дө МББСнын негизинде иштелип чыгат жана өтмө программалары боюнча ар бир практиканын түрлөрү өз-өзүнчө колледждин окуу-методикалык комиссиясынын чогулушунда каралат жана колледждин педаогогикалык кеңешинде бекитилет.

Студенттерге практика өтүү үчүн орундар мамлекеттик, коммерциялык ишканалар келишимдин негизинде ишке ашырылып берилет. Өлкөдөгү ишканалар менен бардыгы 85 келишим түзүлгөн.

Социалдык өнөктөштөр: Колледждин ишенимдүү социалдык өнөктөштөрү төмөнкүлөр болушат: КТРК Бишкек шаары, ТРК Эхо Манаса, Сары-Өзон, ЭлТР ОТРК, ЖЧК «Эфор Бишкек ЛТД», ОАО РПО РМТР, ОАО «Кыргызтелеком», «Nikai», «Patriot KG», «Райс», телерадио-мастерскойлор, ЖЧК «Деском», ЖЧК «Алтын тамга», ЖЧК «Дасмедиа», ЖЧК «БизнесФормат», ИЦ «Текник», ЖЧК Автомат – Радиатор, ОАО «Акжолтой», ЖЧК Рем Электро Сервис, ЖЧК «Азо-Элита», «Дильбар» мода үйү, дизайн – студия «КAN – fashion», «Александра» тигүүчүлүк бирикмеси, «Руссоль» тигүүчүлүк компаниясы, «E-line moda» тигүүчүлүк компаниясы, ЖЧК «Фабертекс», «Назик» тигүүчүлүк фабрикасы, «Елена», «Жылдыз», «Каприз», «Бермет», «Көктөм» ательелери, «Текстим» тигүүчүлүк ишканасы, «Панины» жеке тигүүчүлүк ишканасы, «Минбаева З.У.» тигүүчүлүк ишканасы, «Алета», «Клеопатра», «SP Ledu» сулуулук салондору, «Этуаль», «Пери» салондору, ЖЧК «Студия Данияр», автобаза ДЗ, ЖЧК «Азиямоторс», ААК «Түндүк электр», АРЭС, Батыш РЭС, Чыгыш РЭС, Сокулук РЭС, Токтогул ГЭС, Бишкек шаардык ЖЭБ, Ат-Башы РЭС, ЖЧК «Бийик KG», Ала-Бука РЭС, ААК «Чыгыш электр», Тоң РЭС, Чолпон-Ата РЭС, ЖЧК «Рем электро сервис», Талас РЭС жана УЭС, Ташкөмүр ГЭС, Кемин РЭС, ОАО «Бишкек теплосеть», Курпсай ГЭС, Талас ПВЭС ж.б.

Университет менен катар колледждеги башкаруу системи тармактык маалыматтык-билим берүү чөйрөсүнө негизделген. Анда электрондук иш жүргүзүү, маалымат издөө, иретке келтирүү, каттоо, кызматкерлердин иш-аракетин көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү пландоо, милдет коюу, бөлүштүрүү, аткарууну көзөмөлдөө, ресурсту үнөмдүү пайдалануу, документти архивдештирүү, которуу, кайра кабыл алуу системин, колледждеги окуу процессин түзүүгө жол ачат. Колледж И.Раззаков атындагы КМТУнун www.kstu.kg расмий сайтындагы жогорку окуу жайына чейинки даярдоо бөлүмүндө баракчага ээ.

Окутуучулук курам. Учурда колледжде 138 кызматкер эмгектенет, анын ичинен контракт боюнча 105, штаттагы 61 жана КМТУнун профилдик кафедраларынан айкалыштырып эмгектенген 37 жана өндүрүштөрдөн айкалыштырып эмгектенген 6 окутуучу иштейт. Окутуучулук курамдын ичинен 5 илимдин кандидаты, 4 билим берүүнүн мыктысы, 1 КМШга эмгек сиңирген энергетик, 1 энергетика жана өнөр жайдын мыктысы, 7 экинчи жогорку билимдүү, 16 аспирант, 14 магистр, жакынкы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү (Москва автомобиль-жол мамлекеттик техникалык университети, Москва байланыш жана информатика техникалык университети, Ленинград жеңил өнөр жай институту, Иванов текстиль институту, Ленинград аба күчтөрүнөн коргонуу аскердик саясий окуу жайы, Томск улуттук изилдөө политехникалык университети, Россия Федерациясынын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба федералдык агенттигине караштуу Москва бетон жана темир бетон илимий изилдөө институту, Алма-Ата энергетика институту, Ташкент текстиль институту, Самарканд жогорку аскердик автомобиль командалык окуу жайы) жана Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү.

Окутуучулардын 100% жогорку билимдүү. Окутуучулук курамдын негизги билими адистик профилдерине ылайык келет. Педагогикалык жамаат курамы туруктуу: 10 жылдан ашуун эмгектенген окутуучулар – 17%ды, 3 жылдан 10 жылга чейин– 31%ды, 10 жылдан 20 жылга чейин– 17%, 20 жылдан ашуун эмгектенген окутуучулар 13% түзөт. Окутуучулардын орточо курагы – 40 жаш.

Акыркы 2 жыл ичинде өлкө ичинде жана чет өлкөдөн квалификацияны жогорулатуудан 40 окутуучу өлкө ичинде, 9 окутуучу төмөнкү багыттар боюнча чет өлкөдөн өтүп келишти:

— маалымат-коммуникациялык технология;

— учурдагы педагогикалык технология;

— билим берүүнүн сапатын башкаруу;

— жаңы экономикалык шартта билим берүү мекемелерин башкаруу ж.б.

Акыркы жылдары окутуучулардын квалификациясын жогорулатууда жакшы өзгөрүү болду. Учурда 1 кандидаттык диссертациясын бүттү, 16 аспирант, 14 магистр бар. Окутуучулук курам өлкөгө жана региондорго актуалдуу болгон илимий-изилдөө иштерин бир канча багытта жүргүзүүдө. 2013–2017-жылдары колледждин окутуучулары 49 илимий макала, 11 илимий конференцияга, форумга ж.б. катышты. Кызматкерлердин илимий-изилдөө иштери жана студенттердин окуу-илимий иштери окуу процессине киргизилүүдө.

И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде окутуучуларды тандоо, өбөлгө түзүү, бекитүү жана изилдөө жүргүзүүгө шарт түзүлгөн. Жогорку квалификациядагы окутуучулар аспирантура, докторантура аркылуу даярдалат. Окутуучулук курамдын окуу-методикалык, илимий-изилдөө ишин активдештирүүгө колледждин администрациясы мыкты иштелип чыккан окуу-методикалык комплекс, илимий иштерге ж.б. конкурс өткөрүп турат.

Жылдын мыкты куратору студенттердин көзү менен, Жылдын мыкты окутуучусу студенттердин көзү менен ж.б. номинациялар боюнча жыл сайын конкурс өткөрүлөт. Студенти окуу-илимий ишинде жогору жыйынтык көрсөткөн окутуучуга акчалай сыйлык берилет.

Колледждин кызматкерлери жана студенттери үчүн интернет кошулган атайын электрондук-билим берүү ресурстары бар кабинет даярдалган. Окутуучулардын жана кызматкерлердин иштерин жеңилдетүү үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн.Окуу бөлүмүндөгү кызматкерлер, бухгалтерия, кабыл алуу комиссия, проферентациондук борбор, окуу-методикалык комиссия жаңы мебелдер, керектүү иш техникалары, канцелярдык керектөөлөр менен камсыздалган. Маалыматтар менен камсыз болуу үчүн интернет булактары жана телефондор кошулган.Бардык бөлмөлөрдө жарык кылуу жана жылуулатуу системасы жалпы алмашылып, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн, кызматкерлер үчүн беш бөлмөдө комплекте сантехника орнотулган. Акыркы 5 жыл аралыгында кабыл алуу комиссиясынын жана жыл жыйынтыгы боюнча бардык кызматкерлерге айлык акысы, 13-айлык акы, Мугалимдер күнүндө, Карылар күнүндө, Айымдардын эл аралык майрамында, Ата-Мекенди коргоо күнүндө акчалай сыйлыктар убагында төлөнүп берилген.Ошондой эле Жамааттык эс алуулар бат-баттан уюштурулуп турат.

Колледждин материалдык — техникалык базасы.

Колледждин материалдык техникалык базасы КМТУнун территориясында жайгашкан. Колледж оперативдик башкармалыгында өзүнчө окуу корпусун, окуу-өндүрүштүк тигүү мастерскаясын (ООТМ) ээлейт, ошондой эле «Женил өнөр жай буюмдарынын технологиясы», «Энергия камсыздоо» «Электро механика», «Радиоэлектрондук техника», «Электро энергетика», «Жылуулук техникасы», жана турмуш-тиричилик  коопсуздугу», «Энергиянын кайтадан башталчу булактары», «Дене тарбия», «Унаадагы менеджмент», «Унаа транспорту», «Коммутация системалары жана байланыш тармактары», «Полиграфия», Тамак-аш өндүрүшүнүн аппараттары жана машиналары», «Экология коопсуздугу», «Машина куруу технологиясы жана башка кафедраларынын лабораториялык базаларын колдонот.

Колледжде окуу планында көрсөтүлгөн лекциялык, практикалык жана лабораториялык сабактардын бардык түрлөрүн откорүүнү камсыздоочу материалдык-техникалык база бар. Колледждин окуу кабинеттери, жана аудиториялары окуу жабдуулары, окуу эмеректери, көрсөтмө окуу материалдары, стенддер жана макеттер менен жабдылган. Колледжде заманбап компьютерлер жана жабдуулар менен камсыздалган 3 компьютердик класстар бар.

Колледждин бардык имараттары өрт коопсуздугуна каршы талаптарга жана эрежелерге, санитардык-гигиеналык нормаларын ошондой эле эмгекти коргоо тармагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, техника коопсуздугуна жана эмгекти коргоо талаптарына туура келет. Колледжде коопсуздукту сактоо үчүн күнү-түнү иштеген сакчылар бар жана бардык имараттарда ортнотулган:

-чектелген территорияны камтыган ун жазуусу менен видеокөзөмөл;

-коридорлорду камтыган кондиционерлер;

өрт сигнализациясы, эвакуация планы;

-чыгуучу запас эшикти, чыгууну көрсөткөн эскерүүчү пиктограммалар;

-мамлекеттик жана расмий тилдерде жөнсүз журум-турумдарга тыюу салууну көрсөткөн эскертүүчү пиктограммаллар;

Колледждин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча адмнистрация тарабынан чоң иштер жүргүзүлүүдө.

Колледжде азыркы учурда бардык реализациялануучу дисциплиналар боюнча электрондук-билим беруу ресурстары бар. Окуу китептеринин электрондук версиялары топтолду. Окуу-методикалык материалдардын жана методикалык иштелмелердин, лекциялардын электрондук версиялары, бардык дисциплиналары боюнча бар. Жаны окуу-демонстрациялык материалдар иштелип чыкты жана даярдалды.

КМТУнун китепканасы кесипкөй кадрлардын жана техникалык базанын бар болгондугунун натыйжасында компьютердик технологияны активдуу колдонот. Окуучуларды тейлөөнүн инновациялык формасын пайдалануу менен, НТБ Интернеттин электрондук ресурстарга кирүүгө ээ болууну, НТБ өздүк Web сайтты колдонуунун эсебинен маалыматттык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө. 2012-жылдан тартып китепканада Wi-Fi зымсыз технология жардамы аркылуу Интернет булактарына кирүү уюштурулган.

Колледжге кабыл алуу конкурстук негизде ишке ашырылат. Конкурстун шарттары кесиптик орто билим берүүнүн программасын өздөштүрүүгө абдан даярдалгандарды жана жөндөмдүүлөрдү алууну камсыздайт жана билим тармагында атуулдардын укугун сактоого кепилдик берет. Колледжге тапшыруучулар абитуриенттин тандоосу боюнча мамлекеттик (кыргызча) же расмий (орусча) тилдерде кируу сынактарын тапшырууну тандоо укугуна ээ болушат. Абитуриенттердин билим денгээли жана жондомдуулугу колледжге кируунун башкы талабы болуп эсептелет. Кирүүчүнүн билиминин жана жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин аныктоонун негизги каражаты болуп бланкалык тестирлөө саналат. 9-класстын жана 11-класстын базасында тапшырган абитуриенттер (Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты жоктор) ички тестирлөөнү төмөнкү предметтер боюнча өтүшөт:

-техникалык багыт боюнча даярдоо: математика, физика, тил (кыргызча же орусча).

-технологиялык багыт боюнча даярдоо: математика, химия, тил (кыргызча же орусча)

КМТУнун Политехникалык колледжине кирүүдө абитуриентке окуу процессин уюштуруу, бардык билим беруу программасы майда-чүйдөсүнө чейин баяндалган маалыматтык пакет тапшырылат.

Социалдык партнерлер менен байланышты өркүндөтүү, биринчи курстарды сапаттуу тандоо максатында базар эмгегинин суроосуна жана мектептин бүтүрүүчүлөрүнү өздүк ориентациясына негизделген жана профориентациялык иштердин жаны моделин киргизүү жана иштеп чыгуу, колледж, анын адистиктери жөнүндө кеңири  түшүндүрүү, жайылтуу, мектеп окуучуларына профориентациялык  кызматты көрсөтүү кирген, профориентациалык иштердин сапатын жогорулатуу максатында колледждин Профориентациалык борбору тандап алган билим берүү траекториясы, карьердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча колледждин студенттерине консультация жана өз убагында маалыматтарды уюштуруу  менен алектенет. Колледждеги профориентация борборунун иши бекитилген иш планына ылайык жүргүзүлөт. Келечектеги адистикти алардын каалап тандоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган жана чоңдорго, мектеп жашындагыларга калктын бардык топторуна байланыштуу ар түрдүү формадагы иштерди алып барат.

Колледжде кыргыз жана расмий тилдерде “Карьердик өсүш” аттуу маалыматтык стенд бар. Колледждин бүтүрүүчүлөрүнө ЖРТга акысыз даярдоо өткөрүлөт. Жумушка орношуу боюнча мониторинг жүргүзүлөт жана жумуш берүүчүлөр менен студенттердин байланышы камсыздалат; университеттин профилдик кафедраларынын кызматкерлери менен үзгүлтүксүз жолугушуулар өткөрүлөт ж.б.

Окуу процессине окутуунун жаны технологияларын, иновациялык методдорун киргизуу максатында. Колледж 2020-жылга чейин өнүгүү стратегияна ылайык професионалдык билим берүү сапаттын балоо болуп эсептелет. Бул багытта жыл ичинде масштабдуу иш-чаралар, Мамлекеттик тил боюнча фестиваль (3 ай), Билим декадасы (4 ай) өткөрүлөт. Билим декадасы алган билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн кеңейтүү жана тастыктоо, СӨИ уюштурууну өңүткө чыгаруу, дисциплиналарды окуп-үйрөнүүдө студенттерди шыктандыруу, тандаган кесибине кызыктыруу жана окутуучуларды профессионалдык жактан өсүшүнө өбөлгө болуу. 2014-2017-жылдарда Билим Декадасынын алкагында колледжде жалпы билим берүү циклдеги дисциплиналарынын мугалимдеринин жетекчилигинин астында төмөнкүлөр жүргүзүлөт: ар бир дисциплиналар боюнча ачык сабактар, химия, математика, физика боюнча олимпиадалар, дублер күнү, тегерек үстөлдөр, дебаттар өткөрүлөт, ошондой эле бардык дисциплиналардан ачык сабактарда  дубал гезиттер, кроссворддор, тематикалык презентациялардын конкурсу чыгарылат.практикалык көндүмдү жана келечекте жумушкаорноштурууну чыңдоо максатында колледжде өндүрүштөрдөн адистер чакырылып, дублер күнүн өткөрүү менен бардык адистик боюнча тематикалык мастер-кластар уюштурулган.

Билим декаданын алкагында бардык Адистиктер боюнча Чемпионат уюштурулган. Студенттердин аныктоо үчүн ар бир адистик өз окуу планына жана кесиптик өзгөчөлүгүнө ылайык конкурс, викторрина, тесстик тапшырма уюштурат. Тандоо турунда теориялык билим негизи боюнча тестирлөө түрундө, экинчи баскычында студенттердин практикасы менен көндүмдөрү аныкталат.

 

Колледжде студенттик башкарууну колго алуу жана аны өнүктүрүү максатында СƟБ (студенттик өздүк башкарма) түзүлгөн. Студенттик кеӊештин негизги максаты, ишмердүүлүгү: билим алуучунун чыгармачыл потенциалынтолук ачуу үчүн шарттарды түзүү, маданий, чыгармачыл, уюштуруучулук керектөөлөрүн канааттандыруу, кесиптик даярдоо деӊгээлин жакшыртуу, алардагы жарандык позицияны калыптандыруу, өздүк башкарууну билүү менен коомдук жашоодон орун табууга багыт берүү, жол көрсөтүү. Тарбиялык концепцияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жана жүрүм-турум эрежелерин орнотуу максатында ПКдин (Политехникалык колледж) студенттерине бирдиктүү талап бекитилген. Жыл сайын тандоо үчүн шайлоо конференциясы өтүп, анда СƟБнын кеӊешинин составы шайланып, структуралык бөлүмдөрү орнотулат.

Окуу уюштуруучулук сектору- СƟБ кеӊешмеде окуу процессинин сапатын көзөмөлгө алат. Биринчи жана жогорку курстардын тайпаларынан координаторлор дайындалат. Алардын негизги максаты билим алуучулардын окуудагы жетишкендиктерин текшерүү, сабакка катышуусун көзөмөлгө алуу болуп эсептелинет. Окуу процессин көзөмөлдөөдө бир гана окутуучулар эмес, студенттер да жөнгө салып, текшерүүгө алат. Ошондой эле заманбап социалдык түйүндөрдө атайын баракчалар түзүлгөн www.facebook@college.kgtu жана электрондук кат e-mail: college.kgtu@mail.ru.

Колледжде студентенттерди социалдык жактан коргоо системасы түзүлгөн. Ата-энеси жок, майып студенттерге материалдык колдоо көрсөтүү иштери жүргүзүлүп келет. Жалпы 15 ата-энеси жок студент бүгүнкү күндө окуу акысын төлөөдөн бошотулган. Окуудагы жогорку көрсөткүчкө ээ болгон, коомдук иштерге активдүү катышкан билим алуучулар диплом жана грамотанын ээси болушат. Жыл сайын окуу жайда «мыкты студент», «мыкты тайпа», «мыкты староста» деген сынактар өткөрүлүп турат.

Политехникалык колледждин студенттерин ар тараптуу өнүктүрүү максатында-окуудан тышкаркы иш-чараларды өткөрүп турат. Ошол менен чектелбестен, колледжде хор, ансамбль, комузчулар, алып баруучулар, бий коллективи «Ак бийке», «Кара Жорго» түзүлгөн. Бул багытта атайын өз ишин мыкты билген хареограф чакыртылып, штаттан тышкары иштейт. Хордун катышуучулары, бий тобу үчүн сахналык костюмдар, аксессуарлар окутуучулардын жардамы менен даярдалган.

Колледждеги окуу процессинин жүрүшүн психологиялык-педогогикалык жактан коштоо негизинде атайын психолог иштеп келет. Ал эми ден соолукту бекемдөө, чыӊдоо багытында студенттер арасында спорттук командалар уюштурулган (воллейбол, футбол, тогуз коргоол, шахмат ж.б улуттук оюндар). Колледждин билим алуучулары башка окуу жайлар арасында өткөн таймаш, сынактарда активдүү катышышат. Ошондой эле ар бир спорт командасы үчүн спорттук мелдеште керектелүүчү каражаттар, жабдыктар, кийилүүчү фомалар толук жеткирилип камсыздандырылган.

Колледждин жатаканасында жашоо үчүн керектүү бардык шарттар түзүлүп, санитардык нормаларга жана эрежелерге жооп берет:

— атайын окуу бөлмөсү, жалпы аянты 18кв.м;

-дипломдук проект залы, жалпы аянты 57,1 кв.м;

-изолятор, жалпы аянты 19кв.м;

-ашкана, жалпы аянты 18,5 кв.м; плита, идиш-аяк жуу үчүн ысык жана муздак суу;

-жалпы ажаткана

— жалпы жуунучу бөлмө, санитардык эрежелер жана керектүү жабдыктар менен;

Жагымдуу атмосфераны жана кооздукту жаратуу үчүн жатакананын коридорунда килемдер салынып, гүлдөр коюлган. Студенттердин кирип-чыгуу тартибин, коопсуздугун көзөмөлдөө үчүн жатаканада атайын байкоочу жана тарбиялоочу иш алып барышат.

2017-жылы жатаканада капиталдык оӊдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, бардык шарттары менен эмеректер орнотулган. Ал эми жумушчулар үчүн бош убакытта эс алуучу бөлмө жана санузел иштейт.

 

2014-2020ж.ж. чейинки негизги милдеттери:

  1. Колледждин заманбап социалдык-экономикалык шарттарында өнүгүүсүн пландоо
  2. Билим беруучу процессти өркүндөтүү.
  3. Тарбия иштерин жана окуудан тышкаркы ишмердикти өркүндөтүү.
  4. Кадрдык потенциалды өстүрүү.
  5. Материалдык-техникалык базаны бекемдөө.

 

Зор маанидеги максаттуу көрсөткүчтөр:

  • Абитуриенттерди кабыл алууну жумуш берүүчүлөрдүн билдирмеси боюнча аткаруу
  • Студенттердин контингентин сактоо
  • Илимий наамы бар окутуучулардын саны
  • Жогорку категориясы бар окутуучулардын саны
  • Заманбап маалымат-коммуникативдик технологиялар менен жабдылган кабинеттердин, аудиториялардын саны
  • Маалымат-коммуникативдик технологиялар менен жабдылган кабинеттердин, аудиториялардын саны
  • Окутууга электрондук каражаттарды колдонуу менен өтүлгөн сабактардын саны
  • Модернизацияланган окуу-лабораториялык, окуу-өндүрүштүк жана аудиториялвк жабдыктардын саны
  • Окутуучулар үчүн жумушчу орду менен жабдылган кабинеттердин саны
  • Колледждин окуу процессин текшерүүгө автоматизациялаштырылган системаны түзүү
  • Бюджеттен сырткары каражаттардын тартылган бөлүгү
  • КРнын ОКББнүн программалары боюнча адистиктер, кайра даярдоо жана экинчи кесипти алуу саны
  • КРнын МББС, ОКББнүн талаптарына ылайык колледждин окуу дисциплиналарынын жумушчу программалары менен сапаттуу камсыздандырылгандык
  • Дисциплиналардын ОМК менен камсыздырылгандык
  • КМТУнун адистештирилген кафедралары менен кызматташтык
  • Жумуш берүүчүлөр менен кызматташтык
  • Артыкчылык дипломун алган бүтүрүүчүлөрдүн бекитилиши
  • Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орношуусу
  • Бүтүрүүчүлөрдүн ишканаларга бекитилиши

 

Өнүгүү стратегиясынын күтүлүүчү натыйжалардын ишке ашырылышы:

  • Колледждин студенттеринин контингетинин сапатын жана санын арттыруу.
  • Азыркы коомдо өзүн өзү бекемдөөгө, өзүн өзү ишке ашырууга жөндөмдүү атаандаштыка туруштук берген адистерди чыгаруу.
  • Студенттердин кесиптик өзүн аныктоого багытталган колледждин билим берүүчү жана тарбия системаларынын жалпы башкаруу моделин иштеп чыгуу.
  • Колледждин инфраструктурасын жакшыртуу, материалдык-техникалык жана окуу-методикалык базанын өсүшү.
  • Билим берүүчү жана тарбия процесстерин жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыздоо.
  • Бюджеттен сырткары каражаттарды тартуу системаларын, колледждин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу социалдык өз ара аракеттенүү системаларын өркүндөтүү.

 

 

Адреси, тел./факс. Е-mail. Уюмдун сайты.

Бишкек шаары, Тынчтык проспекти 66.

0312 541 930

0312 561 350

Факс: 54512

www.kstu.kg.

 

коллектив

Колледждин эмгек жамааты

Колледждин кызматкерлери

    • Подробнее

    • Подробнее

    • Подробнее

    • Подробнее

 

Абитуриентке

Информационный пакет подготовки специалистов среднего профессионального образования по кредитной технологии обучения 2017-2018 уч. год.

Правила приема в образовательные программы среднего-профессионального образования КГТУ им. И.Раззакова

Информационные буклеты для абитуриентов Политехнического колледжа КГТУ им. И.Раззакова

Материалы по профориентационной работе

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Антикоррупциялык иш

Финансылык отчет — 2017

Финансылык отчет — 2016

 

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин миссиясы

Колледждин миссиясы.

Жогорку квалификациялуу, атаандаштыка туруштук берген, компетентүү, жоопкерчиликтүү, өзүнүн кесибин эркин пайдалана билген жана кесиби боюнча өсүүгө даяр адистерди даярдоо. Мындай деңгээлди, ишинин сапатын камсыздоо колледжди Кыргыз Республикасындагы орто кесиптик билим берүү системасындагы алдыңкы окуу жайлардын катарына кирүүгө мүмкүндүк берет.

 

Максаты.

Эмгек рыногунун керектөөсүн эске алуу менен сапаттуу билим алууга билим берүү шарттарын түзүү, колдоо жана Кыргыз Республикасынын экономикасынын жогорку квалификациялуу кадрларга керектөөсүн канааттандыруу.

Өлкөбүздүн азыркы өнүгүү шартында И.Раззаков атындагы Политехникалык колледжи Кыргыз Республикасынын техникалык багытттагы алдыңкы кесипттик орто билим берүү окуу жайларынын бири катары болуу аракеттин күчөтүүгө багытталган. Кесиптик орто билим берүү программалары колледждин миссиясына ылайык ишке ашырылууда. Кесиптик орто билим берүү боюнча адистерди даярдоо күндүзгү бөлүмдө даярдалууда. Азыркы учурда колледжде Республиканын бардык аймактарынан, КМШ өлкөлөрүнөн жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген 1500гө жакын студенттер окуп жатышат. Алардын ичинен 9-класстын базасында 1058, 11-класстын базасында 407 студент. КМТУнун Политехникалык колледжи-КОББ иштеген жылдардын ичинде жалпы 1600 дөн ашык дипломдуу адистер даярдалды.

2014-2020 жыл ичинде И. Раззаков атындагы КМТУ политехникалык колледжинин өнүгүү стратегиясы 2014-жылдын 30 январында бекитилген КРнын билим өнүктүрүү стратегиясынын 2012-2020 жыл ичинде стратегияга ылайык жана КМТУнун өнүгүү стратегиясы 2014-2020 мезгил ичинде бекитилген, анда аныкталган миссия, колледждин стратегиялык максаттары жана милдеттери, миссиясы жана стратегиялык максаттары сайтта жайгаштырылган жана ишкердиктин пландаштырылган бардык багыттары боюча негизи катары колдонулат. Коюунун максаты жана милдеттерди бардык денгээлде жана түзүлгөн иш-чаралардын планын актуалдаштыруу стратегиясын эске алуу менен максаты жана колледждин уюштуруу түзүмү.

Колледждин миссиясы, максаты жана милдеттерин колдоо болгон ресурстарга шайкеш келет: адам ресурстары, билим берүү чөйрөсү (окуу-методикалык процесси, билим берүү технологиялары, тарбия процесси) финансы жана маалымат ресурсу, университеттин инфраструктурасы (колледж анын болуму болуп саналат), колледждин потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү менен камсыз кылат жана эмгек рыногунун талаптарын канаатандырат.

Колледждин өнүгүү стратегиясы башкаруунун бардык денгээлин камтыйт, жашоо-тиричиликтин негизги процесстери, келечектүү багыттары жана багытталган жетишүү миссиясы.

Колледжди өнүктүрүү боюнча көрсөтүлгөн стратегияны жүзөгө ашыруу планы деталдуу иштелип чыккан.

Колледждин маанилүү багытта иштерди өнүктүрүү стратегиясы билим берүү процессин өркүндөтүү болуп саналат. Колледж бул багыттардагы кесиптик билим берүүнүн сапатын баалоо пландарынын системасын ишке ашыруу боюнча төмөндөгүлөр пландаштырылган:

  1. Билим берүү кызматы жөнүндө маалымдоо ачык системасын өнүктүрүү, камсыздоону өз убагында жаңылоо, маалыматтын ишенимдүүлүгү жана жеткиликтүүлүгү.
  2. Бардык сабактар боюнча жалпы билим жана кесиптик блокторду окутуунун сапатын өнүктүрүүдө ички мониторингтерди өткөрүү, адистиктер боюнча бул көрсөткүчтүн билим берүү кызматынын сапаты катары бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу мониторинги, иш берүүчүлөрдүн канааттануу мониторинги жана калктын ачыктыгына жана билим берүү кызматтарынын сапаттуулугу.
  3. Педагогикалык жамааттын билим берүү системасын баалоо сапатын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
  4. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү мамлекеттик стандарттынын модулдук-компоненттүү мамилесине ылайык ортоңку звенодогу адистерди даярдоо программаларын, дисциплиналарын оку-методикалык көзөмөлдөө-баалоо каражаттрын иштеп чыгуу жана жакшыртуу.
  5. Жумуш берүүчүлөрдүн аттесстациялык материалдарды, баалоо критерийлерин экспертизалоого жана колледж бүтүрүүчүлөрүн жыйынтык, аралык мамлекеттик аттестациялоо жол-жобосуна катышуусу.
  6. Жаңы муун стандарты талаптарына жооп берүүчү билим берүү процессин камсыздоо үчүн жаңы окуу-методикалык комплекс муун түзүү.
  7. Жумуш берүүчүлөрдү атайын курстардын окутуучулары катары тарттуу. Бул заманбап эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн көнүп кетүүсүн жана натыйжалуу жумушка орношуусуна, кесиптик карьерасын калыптандырууга шарт түзмөк.
  8. Педагогикалык технологиялардын автордук иши.

2014-2020ж.ж. чейинки негизги милдеттери:

  • Колледждин заманбап социалдык-экономикалык шарттарында өнүгүүсүн пландоо
  • Билим беруучу процессти өркүндөтүү.
  • Тарбия иштерин жана окуудан тышкаркы ишмердикти өркүндөтүү.
  • Кадрдык потенциалды өстүрүү.
  • Материалдык-техникалык базаны бекемдөө.
  • Зор маанидеги максаттуу көрсөткүчтөр:
  • Абитуриенттерди кабыл алууну жумуш берүүчүлөрдүн билдирмеси боюнча аткаруу
  • Студенттердин контингентин сактоо
  • Илимий наамы бар окутуучулардын саны
  • Жогорку категориясы бар окутуучулардын саны
  • Заманбап маалымат-коммуникативдик технологиялар менен жабдылган кабинеттердин, аудиториялардын саны
  • Маалымат-коммуникативдик технологиялар менен жабдылган кабинеттердин, аудиториялардын саны
  • Окутууга электрондук каражаттарды колдонуу менен өтүлгөн сабактардын саны
  • Модернизацияланган окуу-лабораториялык, окуу-өндүрүштүк жана аудиториялвк жабдыктардын саны
  • Окутуучулар үчүн жумушчу орду менен жабдылган кабинеттердин саны
  • Колледждин окуу процессин текшерүүгө автоматизациялаштырылган системаны түзүү
  • Бюджеттен сырткары каражаттардын тартылган бөлүгү
  • КРнын ОКББнүн программалары боюнча адистиктер, кайра даярдоо жана экинчи кесипти алуу саны
  • КРнын МББС, ОКББнүн талаптарына ылайык колледждин окуу дисциплиналарынын жумушчу программалары менен сапаттуу камсыздандырылгандык
  • Дисциплиналардын ОМК менен камсыздырылгандык
  • КМТУнун адистештирилген кафедралары менен кызматташтык
  • Жумуш берүүчүлөр менен кызматташтык
  • Артыкчылык дипломун алган бүтүрүүчүлөрдүн бекитилиши
  • Бүтүрүүчүлөрдү жумушка орношуусу
  • Бүтүрүүчүлөрдүн ишканаларга бекитилиши
  • Өнүгүү стратегиясынын күтүлүүчү натыйжалардын ишке ашырылышы:
  • Колледждин студенттеринин контингетинин сапатын жана санын арттыруу.
  • Азыркы коомдо өзүн өзү бекемдөөгө, өзүн өзү ишке ашырууга жөндөмдүү атаандаштыка туруштук берген адистерди чыгаруу.
  • Студенттердин кесиптик өзүн аныктоого багытталган колледждин билим берүүчү жана тарбия системаларынын жалпы башкаруу моделин иштеп чыгуу.
  • Колледждин инфраструктурасын жакшыртуу, материалдык-техникалык жана окуу-методикалык базанын өсүшү.
  • Билим берүүчү жана тарбия процесстерин жогорку квалификациялуу педагогикалык кадрлар менен камсыздоо.
  • Бюджеттен сырткары каражаттарды тартуу системаларын, колледждин бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу социалдык өз ара аракеттенүү системаларын өркүндөтүү.

Ченемдик документтер

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин ОКБ билим берүү сапатын камсыздоо системасынын документтеринин тизмеси

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжи жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттик тобунун куратору жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжини кызматкерлеринин эмгек акысы жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун  Политехникалык колледжинин окуу процессин уюштуруу жөнүндө жобо 

И.Раззаков атын. КМТУнун  Политехникалык колледжинин студентеринин практикасын уюштуруу жөнүндө жобо 

И.Раззаков атын. КМТУнун  Политехникалык колледжинин педагогикалык кеңеши жөнүндө жобо 

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин аймагында видеобайкоо (үн жазуу менен) өткөрүү тартиби жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин предметтик-циклдик комиссиясы жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин Студенттик өзүн өзү башкаруу жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттеринин жетишүүсү менен аралык аттестациялоону учурдагы контролу жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин окуу-методикалык комиссиясы жөнүндө жобо

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин студенттерине жалпы талаптар

Колледждин Паспорту, Уставы, Студентик өзүн – өзү башкаруу кеңешинин Уставы

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин паспорту

И. Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин Студенттик өзүн өзү башкаруу Кеңешинин Уставы

Регламент электронного документооборота Отдела информационных технологий и технического обслуживания компьютеров (ОИТТОК) со структурными подразделениями КГТУ им. И.Раззакова на основе AVN EDOC

 

 

Өнүктүрүү стратегиясы

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин 2014-2020 ж.ж. өнүгүү стратегиясы

И.Раззаков атын. КМТУнун Политехникалык колледжинин 2014-2020 ж.ж. өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу иш-чараларынын планы

ОПОП

Основная профессиональная образовательная программа среднего профессионального образования. Специальность 280105 Защита в чрезвычайных ситуациях

Основная профессиональная образовательная программа среднего профессионального образования. Специальность 261203 Полиграфическое производство

Основная профессиональная образовательная программа профессионального образования. Специальность 151001 Технология машиностроения

Основная профессиональная образовательная программа профессионального образования. Специальность 150413  Техническая эксплуатация оборудования в торговле и в общественном питании

Основная профессиональная образовательная программа профессионального образования. Специальность  210402 Средства связи с подвижными объектами

Изилдөө окутуучулары, студенттер Тоо

Басмадан чыккан статьялар, программалар, дипломдор

И.Раззаков атын. КМТУнун кызматкерлеринин сертификаттары

Дипломдор, грамоталар, ыраазычылык каттар

 

Буйруктар

Приказ №1147/1 от 05.09.17

Приказ №920/1 от 05.07.17

Сведения об отчисленных студентах Политехнического колледжа КГТУ им. И.Раззакова

 

 

 

 

2019-жылдын 31-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында КМТУнун Политехникалык колледжинин  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналган «Билим Декадасы-2019» иш-чарасынын салтанаттуу жабылыш аземи өткөрүлдү.

Колледжде жыл сайын өтүчүү Билим Декадасынын негизги максаттары: студенттердин алган билимдерин кеңейтүү жана бекемдѳѳ, студенттердин өздүк ишин уюштурууну ѳнүктүрүү, алардын сабактар боюнча терең билим алууга жана тандап алган кесибине кызыкчылыктарын арттыруу ошондой эле окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга ѳбѳлгѳлѳѳ түзүү.

“Билим Декадасы-2019”  февраль айында башталып, май айында  аяктады. Ушул мезгил аралыгында география, тилдер, тарых, математика, химия, физика, аскерге чейинки даярдык, кесипке киришүү, атайын сабактар, дене тарбия сабактарынын жумалыктары өттү. Мында жалпы билим берүү циклинин бардык сабактары жана ар бир кесиптин атайын сабактары боюнча чемпионаттар, чебер класстар, дублерлор күнү, тематикалык презентациялар, окуу-изилдөө иштерин коргоо, мода көргөзүү, тегерек үстөлдөр, викториналар, талаш-тартыштар, интеллектуалдык конкурстар, тематикалык дил баяндар жазылды,  дубал гезиттердин көргөзмөсү, “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча олимпиадалар, ачык сабактар өткөрүлдү. Ошону менен бирге “Билим Декадасы-2019”дун   алкагында шаардык жана республикалык деңгээлде чон иш чаралар өткөрүлдү.

Колледждин  кызматкерлерин, окутуучуларын жана студенттерин  И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин ректору, профессор Джаманбаев Мураталы Джүзүмалиевич окуу жылынын жана “Билим Декадасы-2019” салтанаттуу жабылыш аземинин ийгиликтүү аякталышы менен кызуу куттуктады. Ошондой эле Бишкек шаарындагы колледждер арасында өткөрүлгөн “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча биринчи шаардык предметтик Олимпиаданын жана кесиптик чеберчилик боюнча «КЕСИПТЕР ЧЕМПИОНАТЫ» аттуу биринчи республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө, алардын жетекчилерине жана Билим Декадасынын активдүү катышуучуларына дипломдор, грамоталар, сыйлуу белектер тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн катарында ЖАМУнин астында Джалал-Абад колледжинен, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинен, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя горнотехникалык колледжинен, К. Кольбаев атындагы Бишкек автоунаа жол колледжинен, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин политехникалык колледжинен, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун  колледжинен, Бишкек техникалык колледжинен, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинен, «Манас» КТУнун Профессионалдык колледжинен  келген студентттер, алардын жетекчилери да болду.

Ийгиликке жол бизден башталат!бул КМТУнун Политехникалык колледжинин ураанында айтылгандай

“Билим Декадасы-2019”дун алкагында студенттер теориялык билимдерин, практикалык даярдыктарын жана чыгармачылык кѳндүмдѳрүн кѳрсѳтүү менен бирге достук мамилелерин чындашып, жаңы албан ийгиликтерге жол артышты.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналат!

“Сабаттуу бол” өнөктүгү расмий жыйынтыкталды

2019-ж. 15-майында республика боюнча өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” өнөктүгү расмий жыйынтыкталып, Бишкек шаары боюнча жат жазууда эң жакшы баага татыган катышуучуларды сыйлоо аземи 24-майда А.Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында өткөрүлдү.

 

Бул иш-чараны “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөрдү жана республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катыша алышты.

Жазуусу “5”ке бааланган 63 катышуучуга Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын атайын дипломдорун жана сыйлыктарын  төрага Назаркул Ишекеев жана Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков  тапшырып, куттуктады.  Мындан сырткары, медиа-өнөктөш катары иш-чараны өткөрүүгө зор салым кошкон ЭлТР МТРКсына жана “Кыргыз радиосуна” “Ыраазычылык барагы” ыйгарылды. Сабаттуу жазган катышуучу жеңүүчү деп табылып, диплом менен сыйланышты. КМТУдан “Сабаттуу бол” өнөктүгүндө өзүнүн сабаттуулугу менен үлгү болуп бере алган катышуучуларды куттуктайбыз!

  1. Азисова Мунара – “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” кафедрасынын улук окутуучусу.
  2. Рысбекова Дилбар – Кыргыз тил кафедрасынын улук окутуучусу.

“Сабаттуу болуу – заманбап жашоонун талабы!”

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары жана студенттери 2019-ж. 15-майында Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлгөн республикалык «Сабаттуу бол» өнөктүгүнө катышышты.

                                  

 

Бул иш-чараны “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөрдү жана республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катыша алышты.

 

                            

 

Жат жазууну белгилүү инсандар окушту.

 

 

                        

                        

 

Жыйынтыгы купуя код аркылуу mamtil.kg сайтына жайгаштырылат. Сабаттуу жазган катышуучу жеңүүчү деп табылып, диплом менен сыйланат.

 

Академик Ү.Асаналиев атындагы Тоо-кен иши жана тоо-кен технологиялары институтунун Окумуштуулар Кеңешинин 2019-жылдын 7-июнундагы отурумунда  Профессордук-окутуучулук кызмат орундарына сынактан өтө турган талапкерлердин тизмеси:

1.Апилова Тинатин Азанкуловна – Академик А.Жайнаков атындагы “Маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдештирүү” минбарынын ага окутуучусунун м.а.;

  1. Бакиева Жыргалкул Зарлыковна — Академик А.Жайнаков атындагы “Маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдештирүү” минбарынын ага окутуучусу;
  2. Бекбосунов Расул Рыскулович – “Ачык тоо-кен иштери жана жардыруу иши” минбарынын ага окутуучусу;
  3. Жуман кызы Айнура – “Табигый  илимдер” минбарынын окутуучусу;
  4. Казатов Урмат Талантбекович — “Ачык тоо-кен иштери жана жардыруу иши” минбарынын ага окутуучусу;
  5. Мейманкулова Назгул Токтомушовна — “Табигый илимдер” минбарынын ага окутуучусу;
  6. Раимбеков Бакыт Догдурбекович — “Ачык тоо-кен иштери жана жардыруу иши” минбарынын ага окутуучусу;

 

 

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары жана студенттери 2019-ж. 15-майында Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлгөн республикалык «Сабаттуу бол» өнөктүгүнө катышышты.

Бул иш-чараны “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөрдү жана республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катыша алышты.

Бүгүн Улуу Жениш күнүнө 74 жыл толду. Улуу Женишке баа жеткис салымын кошкон согуштун катышуучуларына таазим этчү улуу майрам.

Урматтуу, кадырлуу согуштун ардагерлери,  ажал отун кечип, согуштун апаат күндөрүндө канчалаган азаптарды көрүп,  биздин келечегибиз үчүн, эркин өлкөбүз үчүн күрөшкөнүнүздөргө И. Раззакова атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин жалпы окутуучулар жана студенттер жамааты башыбызды ийип  таазим этебиз!

Биздин арабызды бөксөртпөй таянаарыбыз, сыймыгыбыз болуп жүрө бериңиздер! Бар болуңуздар!

Байрагыбыз бийикте желбиреп, өлкөбүздө тынчтык орносун!

2019-жылдын 8-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатты И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун кеңешчиси Сарбанов Советбек Талгарбекович ачып берди.

Аталган иш-чара Билим Декадасынын алкагында салт катары жыл сайын өткөрүлүп, студенттерди патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөп жана жанын аябай салгылашкан биздин ата-бабаларыбыздын баскан изи эч качан унутта калбашы керектигин даңазалайт.

Иш-чара  колледжинин окутуучусу Нурманбетов Сталбек Майрамалиевич жетекчилиги астында 1-курстун студенттери арасында уюштурулуп жаткан баштапкы аскердик даярдык боюнча кароо конкурсунун негизинде өткөрүлдү. Конкурста тайпалардын кийген кийими, девизи, ыры, аскердик даярдыгы конкурстук коммисиянын негизинде каралып, комиссиянын курамын И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун кеңешчиси Сарбанов Советбек Талгарбекович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окуу иштер боюнча директордун орун басары Орозбекова Чынара Мейлибековна, И.Раззаков атындагы КМТУнун тарбия жана окуудан тышкаркы иштер боюнча департаментинин директору Абдусаматова Жылдыз Кулмановна, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Унаада ташууларды уюштуруу жана коопсуздук кыймылы” кафедрасынын доценти, Афган согушунун ардагери Назаров Бакыжан Пазылжанович, И.Раззаков атындагы КМТУнун гараж инженери, Афган согушунун ардагери Токобаев Амантур Аскарбекович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучусу, полковник Шукуров Талайбек Садиевич, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары Дуйшембиев Алмаз Сагыналиевич, Охотников Виталий Иванович түзүштү.

Жыйынтыгында кароо конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып,

1-орунду ТЭОТОП9-1-18 тайпасы,

2-орунду ЭССС9-2-18 тайпасы,

3-орунду КШИ9-2-18 тайпасы  алышты.

Биздин колледждин студенттеринин окуудагы жетишкендиктери, ийгиликтери мекендин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөшүп өмүрүн кыйышкан баатырларга арналат!

2019-жылдын 8-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатты И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун кеңешчиси Сарбанов Советбек Талгарбекович ачып берди.

Аталган иш-чара Билим Декадасынын алкагында салт катары жыл сайын өткөрүлүп, студенттерди патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөп жана жанын аябай салгылашкан биздин ата-бабаларыбыздын баскан изи эч качан унутта калбашы керектигин даңазалайт.

Иш-чара колледжинин окутуучусу Нурманбетов Сталбек Майрамалиевич жетекчилиги астында 1-курстун студенттери арасында уюштурулуп жаткан баштапкы аскердик даярдык боюнча кароо конкурсунун негизинде өткөрүлдү. Конкурста тайпалардын кийген кийими, девизи, ыры, аскердик даярдыгы конкурстук коммисиянын негизинде каралып, комиссиянын курамын И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун кеңешчиси Сарбанов Советбек Талгарбекович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окуу иштер боюнча директордун орун басары Орозбекова Чынара Мейлибековна, И.Раззаков атындагы КМТУнун тарбия жана окуудан тышкаркы иштер боюнча департаментинин директору Абдусаматова Жылдыз Кулмановна, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Унаада ташууларды уюштуруу жана коопсуздук кыймылы” кафедрасынын доценти, Афган согушунун ардагери Назаров Бакыжан Пазылжанович, И.Раззаков атындагы КМТУнун гараж инженери, Афган согушунун ардагери Токобаев Амантур Аскарбекович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучусу, полковник Шукуров Талайбек Садиевич, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары Дуйшембиев Алмаз Сагыналиевич, Охотников Виталий Иванович түзүштү.

Жыйынтыгында кароо конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып,

1-орунду ТЭОТОП9-1-18 тайпасы,

2-орунду ЭССС9-2-18 тайпасы,

3-орунду КШИ9-2-18 тайпасы  алышты.

Биздин колледждин студенттеринин окуудагы жетишкендиктери, ийгиликтери мекендин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөшүп өмүрүн кыйышкан баатырларга

 

2019-жылдын 2-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясы тарабынан уюштурулган «Казан мангал» аталышындагы  III Евразиялык кулинардык фестивалы болуп ѳттү. Фестивалдын алкагында И.Раззаков атындагы КМТУнун  Политехникалык колледжинин  окутуучулары Алтынбек кызы Тахмина, Кенеш кызы Алина менен биргеликте  КШИ9-1-17 тайпасынын студенттери:

Мирбекова Нурайым, Макулбекова Чолпонай, Токоева Мадина, Макибаева Сагынбу, Асилбекова Гулниза, Сагындыкова Касиет, Асылбекова Айтолгон «Көчмөндөр бийи», «Уйгур бийи» жана «Бал-бал түн» бийлерин тартуулашып, кѳрүүчүлѳрдүн сүймѳнчүлүгүнѳ ээ болушту. Бийчилердин бардык түрлүү саркеч кийимдери колледждин алдыңкы окутуучулары Н.С.Аманова, Р.К.Калдарбаева, А.С.Кожомбердиева, жетекчилиги астында  студенттердин кол эмгегинен даярдалган.

Фестивалдын жыйынтыгында  И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин директору Н.К.Турусбековага фестивалды уюштуруу ишине кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясы ыраазычылыгын билдирип кетишти.

 

Мамлекеттик тил боюнча III студенттик олимпиада өткөрүлдү

2019-жылдын 19- апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Башкы корпусунда Бишкек шаарындагы  жогорку окуу жайлары арасында мамлекеттик тил боюнча студенттик  олимпиада болду. Олимпиада “Кыргыз тилинин мамлекеттик тил статусун алгандыгынын 30 жылдыгына” арналды. Олимпиадага Бишкек шаарынын ЖОЖдорунда окуган 1-курстун бардык факультеттеринин студенттери катышты. Олимпиада КР ББжИМ, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана Ж.Баласагын атындагы КУУ тарабынан биргеликте уюштурулду.

Олимпиаданын ачылышында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Н.Ишекеев куттуктоо сөзүн сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалады. Олимпиадага катышкан Бишкек шаарынын жогорку окуу жайларынын 1-2-курсунун студенттери эки багыттагы сынактан өтүштү.  Алдын-ала берилген шарттар  жана талаптар боюнча катышуучулар тапшырмаларын тиешелүү  деңгээлде аткарышты.  Олимпиадага жалпысынан 16 жогорку окуу жайынан студенттер катышышты.

Жазуу ишинде жазуу чеберчилиги, теманы ача билүүсү, сабаттуулугу, тил байлыгы жана ой жүгүртүүсү бааланса, ошол эле катышуучунун көркөм окуусунда тандалган чыгарманын маани-мазмуну, аткаруу жөндөмү, даярдыгы ж.б. ар тараптан каралып баа берилди. Долбоорду коргогон студенттерди баалоодо сүйлөө речинин тактыгы,  долбоордун маани-мазмуну, заманбап маселелердин камтылышы, реалдуулугу ж.б. эске алынды. Ал эми экинчи топтогу катышуучулар жазуу тапшырмасын аткарып, андан соң көркөм окуу боюнча таймашты.

Жыйынтыгында университеттин атынан ЭТИнин ИТСС-3-18 тобунун студенти Джунусалиев Назарбек Джалалбекович 3- орунга ээ болуп, тастыктама алды.  Ал эми    УжМКФтин АТПП-1-18 тобунун студенти Насирова Элиза Насировна   кызыктыруучу сыйлык менен сыйланды. Жалпысынан катышуучулар билим деңгээлин, жөндөмүн, дараметин, даярдыгын  ар тараптан көрсөтө алышты.