• Новости главная страница

УЛУУ ЖЕҢИШТИН ДАҢКЫ ӨЧПӨЙТ! 8 май

2019-жылдын 8-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинде Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Салтанатты И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун кеңешчиси Сарбанов Советбек Талгарбекович ачып берди.

Аталган иш-чара Билим Декадасынын алкагында салт катары жыл сайын өткөрүлүп, студенттерди патриоттуулукка, мекенчилдикке үндөп жана жанын аябай салгылашкан биздин ата-бабаларыбыздын баскан изи эч качан унутта калбашы керектигин даңазалайт.

Иш-чара колледжинин окутуучусу Нурманбетов Сталбек Майрамалиевич жетекчилиги астында 1-курстун студенттери арасында уюштурулуп жаткан баштапкы аскердик даярдык боюнча кароо конкурсунун негизинде өткөрүлдү. Конкурста тайпалардын кийген кийими, девизи, ыры, аскердик даярдыгы конкурстук коммисиянын негизинде каралып, комиссиянын курамын И.Раззаков атындагы КМТУнун ректорунун кеңешчиси Сарбанов Советбек Талгарбекович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окуу иштер боюнча директордун орун басары Орозбекова Чынара Мейлибековна, И.Раззаков атындагы КМТУнун тарбия жана окуудан тышкаркы иштер боюнча департаментинин директору Абдусаматова Жылдыз Кулмановна, И.Раззаков атындагы КМТУнун “Унаада ташууларды уюштуруу жана коопсуздук кыймылы” кафедрасынын доценти, Афган согушунун ардагери Назаров Бакыжан Пазылжанович, И.Раззаков атындагы КМТУнун гараж инженери, Афган согушунун ардагери Токобаев Амантур Аскарбекович, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучусу, полковник Шукуров Талайбек Садиевич, И.Раззаков атындагы КМТУнун Политехникалык колледжинин окутуучулары Дуйшембиев Алмаз Сагыналиевич, Охотников Виталий Иванович түзүштү.

Жыйынтыгында кароо конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталып,

1-орунду ТЭОТОП9-1-18 тайпасы,

2-орунду ЭССС9-2-18 тайпасы,

3-орунду КШИ9-2-18 тайпасы  алышты.

Биздин колледждин студенттеринин окуудагы жетишкендиктери, ийгиликтери мекендин көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн күрөшүп өмүрүн кыйышкан баатырларга