• Uncategorized

“САБАТТУУ БОЛУУ – ЗАМАНБАП ЖАШООНУН ТАЛАБЫ!” 16 май

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучулары жана студенттери 2019-ж. 15-майында Бишкек гуманитардык университетинде өткөрүлгөн республикалык «Сабаттуу бол» өнөктүгүнө катышышты.

Бул иш-чараны “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жазууга багыт берүү максатында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия өткөрдү жана республика боюнча мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер, маданият өкүлдөрү, ЖОЖдордун, башталгыч жана орто окуу жайлардын, мектеп, бала бакчанын мугалимдери, журналисттер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, студенттер жана жалпы эле каалоочулар катыша алышты.