• Uncategorized

БИЛИМ ДЕКАДАСЫ-2019 3 июн

2019-жылдын 31-майында И.Раззаков атындагы КМТУнун чоң жыйындар залында КМТУнун Политехникалык колледжинин  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналган «Билим Декадасы-2019» иш-чарасынын салтанаттуу жабылыш аземи өткөрүлдү.

Колледжде жыл сайын өтүчүү Билим Декадасынын негизги максаттары: студенттердин алган билимдерин кеңейтүү жана бекемдѳѳ, студенттердин өздүк ишин уюштурууну ѳнүктүрүү, алардын сабактар боюнча терең билим алууга жана тандап алган кесибине кызыкчылыктарын арттыруу ошондой эле окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга ѳбѳлгѳлѳѳ түзүү.

“Билим Декадасы-2019”  февраль айында башталып, май айында  аяктады. Ушул мезгил аралыгында география, тилдер, тарых, математика, химия, физика, аскерге чейинки даярдык, кесипке киришүү, атайын сабактар, дене тарбия сабактарынын жумалыктары өттү. Мында жалпы билим берүү циклинин бардык сабактары жана ар бир кесиптин атайын сабактары боюнча чемпионаттар, чебер класстар, дублерлор күнү, тематикалык презентациялар, окуу-изилдөө иштерин коргоо, мода көргөзүү, тегерек үстөлдөр, викториналар, талаш-тартыштар, интеллектуалдык конкурстар, тематикалык дил баяндар жазылды,  дубал гезиттердин көргөзмөсү, “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча олимпиадалар, ачык сабактар өткөрүлдү. Ошону менен бирге “Билим Декадасы-2019”дун   алкагында шаардык жана республикалык деңгээлде чон иш чаралар өткөрүлдү.

Колледждин  кызматкерлерин, окутуучуларын жана студенттерин  И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин ректору, профессор Джаманбаев Мураталы Джүзүмалиевич окуу жылынын жана “Билим Декадасы-2019” салтанаттуу жабылыш аземинин ийгиликтүү аякталышы менен кызуу куттуктады. Ошондой эле Бишкек шаарындагы колледждер арасында өткөрүлгөн “Математика” жана “Физика” сабактары боюнча биринчи шаардык предметтик Олимпиаданын жана кесиптик чеберчилик боюнча «КЕСИПТЕР ЧЕМПИОНАТЫ» аттуу биринчи республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө, алардын жетекчилерине жана Билим Декадасынын активдүү катышуучуларына дипломдор, грамоталар, сыйлуу белектер тапшырылды. Жеңүүчүлөрдүн катарында ЖАМУнин астында Джалал-Абад колледжинен, Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжинен, Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя горнотехникалык колледжинен, К. Кольбаев атындагы Бишкек автоунаа жол колледжинен, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин политехникалык колледжинен, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун  колледжинен, Бишкек техникалык колледжинен, Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинен, «Манас» КТУнун Профессионалдык колледжинен  келген студентттер, алардын жетекчилери да болду.

Ийгиликке жол бизден башталат!бул КМТУнун Политехникалык колледжинин ураанында айтылгандай

“Билим Декадасы-2019”дун алкагында студенттер теориялык билимдерин, практикалык даярдыктарын жана чыгармачылык кѳндүмдѳрүн кѳрсѳтүү менен бирге достук мамилелерин чындашып, жаңы албан ийгиликтерге жол артышты.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 65 жылдыгына арналат!